usd:
87,43 с
Сатып алуу
0,00 с
Сатуу
0,00 с
usd:
87,43 с
eur:
94,00 с
Сатып алуу
0,00 с
Сатуу
0,00 с
eur:
94,00 с
rub:
1,14 с
Сатып алуу
0,00 с
Сатуу
0,00 с
rub:
1,14 с
Бүгүн
+20,4 ... +20,4 °С
Булуттуу
Эртең
+21,6 °С
Булуттуу
Бүгүн
+20,4 ... +20,4 °С
Булуттуу
Эртең
+21,6 °С
Булуттуу
Health
Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгерине кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 16-мартта билдирди. Атайын кызматтын маалыматында башкы дарыгер медицина кызматкерлеринен акча талап кылуу жана казынага 40 миллион сом зыян келтирүүгө шектелип жатат. «М.Т.И практикалык дарыгер болуп туруп бөлүм башчыларына жана дарыгерлерге адам чыдагыс шарттарды түзүп, бейтаптардан системалуу т...
Health
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейесустун сөздөрүнө ылайык, CОVID-19 пандемиясы ушул жылы аяктайт. Анын айтымында, учурда дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу. Соңку жумада коронавируска чалдыккандардын көрсөткүчү да бир кыйла азайган. «Ушул жыл ичинде CОVID-19 боюнча жарыяланган өзгөчө абал же пандемия токтойт деп ишенип турам», — деп билдирген ДССУнун  башкы директору Тедрос Гебрейесус. Адистердин эскертүүсүндө, коронави...
Health
Кыргызстанда 20-февралдан 27-февралга чейин COVID-19дун 40 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти кабарлады. Алардын ичинен 20 бейтап ооруканага жаткырылган. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү саны бирден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат. 2022-жылы жана 2023-жылдын 57 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 миң 9...
Health
Бишкекте 128 орундуу кургак учукка каршы жаңы оорукана ачылды. Оорукананын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Германия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү катышты. Аталган оорукана Кургак учукка каршы күрөшүү программасынын алкагында, Германия өнүктүрүү банкынын гранттык каражатына курулду. Ооруканынын курулуш иштерине 6,5 млн евро жу...
Health
6-февралдан 12-февралга чейинки аралыкта Кыргызстанда 12 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалымдашынча, жети адам ооруканага жаткырылды. Калгандары үйүндө дарыланууда. Мекеменин маалыматына ылайык, коронавирус боюнча Кыргызстандын бардык аймактары азыр жашыл зонада. 2022-2023-жыл ичинде Кыргызстанда 21863 адам коронавируска чалдыккан. Жалпы пандемия баш...
Health
Кыргызстанда антибиотик дарыларды туура колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлдү. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ден соолукту чыңдоо борбору 9-февралда кайрылуу жарыялап, антибиотиктерди туура колдонуу эрежелери жана анафилактикалык шок деген эмне экендиги жөнүндө маалымат жарыялады. “Антибиотикти туура эмес колдонуу анын ооруларга күчү жетпей калышына, оорунун ага туруктуу бактерияларынын пайда болушуна алып келет. Аны дарыгер гана жазып бере...
Health
30-январдан 3-февралга чейин Бишкектеги бир катар медициналык мекемелерде онкологиялык ооруларга акысыз текшерүү жүрөт. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунан кабарлашты. 25 жаштан 60 жашка чейинки аялдар ракка карата ден соолугун текшерте алат. Ал үчүн Бишкектеги № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна, Шаардык студенттик поликлиникага кайрылса болот. Мындай акция рак менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата өткөрүлүүдө. Иш-чаранын...
Health
Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери кызылча (корь) оорусу менен төрт, кызамык (краснуха) менен эки бейтап катталды. Бул тууралуу бүгүн 23-январда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кызылча менен ооруп жаткандардын бири Түркиядан келгени аныкталды. Бейтаптардын баарынын абалы канааттандырарлык экени, дарыгерлер медициналык көзөмөл жүргүзүп жатышканы, өлкө боюнча абал туруктуу экени маалымдалды. Министрликте ыкчам жыйын...
Health
Саламаттык сактоо министрлиги ушул тапта өлкөнүн бардык аймактарында сарыктын В түрүнө каршы эмдөө акысыз жүрүп жатканын кабарлады. “Жалпы 600 миң доза вакцина бар. Алардын 450 миңи гуманитардык жардамдын алкагында келген. Бюджеттик каражатка 150 миң доза алынган”, – деп билдирди министрлик. Биринчи этапта эмдөө 2022-жылдын этегинде Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлгөн. 2023-жылдын 16-январынан тарта республиканын бардык аймактарында эмдөө...
Health
Кытайдын Улуттук саламаттыкты сактоо комиссиясынын медициналык өкүлү Цзяо Яхуэй ишемби күнү Бээжинде өткөн маалымат жыйында коронавирустан 60 миңге жакын адам каза болгонун билдирди. Кытайда 8-декабрдан 12-январга чейин рак жана жүрөк-кан тамыр ооруларын кошо козгогон ковид менен байланышкан 59 миң 938 өлүм катталган. Буга чейин Кытай дем алуу жетишсиздигинен каза болгон бейтаптарын ковидден каза болгондор катары гана санаган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо...
Health
Орусияда «Сахарово» борборунда медициналык текшерүүдөн өткөндөрдөн оору аныкталса акысыз дарыламай болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 11-январдагы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди. Эл өкүлүнүн маалыматында эми мигранттар «Сахарово» миграциялык борборунда 5700 рублга медициналык текшерүүдөн өтөт. Текшерүүдөн кийин аларда венерологиялык оору аныкталса акысыз дарыланат. «Сахароводо көп функционалдуу миграциялык борбордо мурда адамдар 5700 руб...
Health
Саламаттык сактоо министрлиги балдар дарыгерлеринин кармалышы боюнча үн катты. 3-январда министрликтин телеграм каналында таратылган маалыматта айтылгандай, тергөө жүрүп жатканына байланыштуу министрлик бул окуяга таасир эте албайт жана дарыгерлердин тез арада бошотулушунан үмүт кылат. «Биз каза болгон баланын үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз. Ооба, дарыгерлер кээде биринчи жардамды көрсөтө албай калышат, бирок бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн аягына чейин т...
Health
Кытайда коронавирус күчөп, каза болгондордун саны өсүп кетти. Мындан улам крематорийлер сөөктөргө толуп калганын Bloomberg агенттиги жазды. Пекиндеги жана Шанхайдагы крематорийлердин кызматкерлери январдын ортосуна чейин орун жоктугун, вирустан каза болгондордун сөөктөрү күнү-түнү өрттөлүп жатканын билдиришти. Маалыматта Шэньчжэнь аймагындагы Лунхуа крематорийинде эле күнүнө 500дөн ашуун адамдын сөөгү кабыл алынып жатканы айтылат. Кытайда COVID-19 инфекция...
Health
Кытайда 20-декабрга карата коронавирус инфекциясы 37 млн. кишиден табылды. Бул туралуу Bloomberg басылмасы өлкөнүн Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жабык жыйынына таянып жазды. Декабрдын башынан бери Кытайда коронавирусту 248 млн. киши жугузуп алган. Бул калктын 18 пайызын түзөт. Жыйындын протоколунда канча киши каза болгону айтылган эмес. Bloomberg инфекциянын тез жайылышын Кытай бийлигинин COVID-19га карата саясатынын алкагындагы чектөөлөрдү жеңил...
Health
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өлкөдө сасык тумоо курчуп жаткан учурда дары-дармек баасын көзөмөлгө алууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-декабрда парламент жыйынында билдирди. "Бүгүнкү күндө өлкөдө оорулар күчөп, сасык тумоонун бир нече түрү жүрүп жатат. Жарандардын, элибиздин саламаттыгы чоң маселе болуп турат. Ушундай учурда бардык дарыканалардагы дары-дармектин бааларын, жетиштүүлүгүн Саламаттык сактоо министрлиги, өкмөт көзөмөлгө алы...
Health
Кыргызстанда сасык тумоо менен катталгандар айдын башында аптасына 9 миңдин тегерегинде болуп жатса, бүгүн 16-декабрга карата бир күндүк көрсөткүч 9 миңден ашты. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, 16-декабрда сасык тумоо 9382 адамда аныкталды. Сасык тумоо өткөн аптада көбөйө баштаган. 5-11-декабрь аралыгында 14 миң бейтап катталган, ага чейинки бир аптада бул көрсөткүч 9 миңдин т...
Health
Ош шаарынын мэриясы ОРВИнин болжолдуу өсүшүнө байланыштуу жарандарга зарыл санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоону сунуштайт: колдун гигиенасын сактоону, буюмдарды дезинфекциялоону, эл көп чогулган жайларга барбоону, суук тийүүнүн биринчи симптомдору болгон учурда беткап кийүүнү. Бүгүн буга байланыштуу Ош шаарынын мэриясында вице-мэр Венера Рыскулова шаардагы саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен кеңе...
Health
Санэпид кызматынын корутундусу менен Ош шаарындагы 10 мектепте окуу токтотулду. Алар №3 Ломоносов, №8 Горький, №21 Пушкин, №24 Фрунзе, №40 Королев, №41 Абдуллаев, №47, 78, 54 жана 12-көмөкчү мектептери. Аталган мектептер азырынча аралыктан онлайн окушат. Күн сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. Анын жыйынтыгына жараша мектептерде кайрадан окууну улантуу маселеси каралат. Учурда бардык мектеп, бала бакчаларга санитардык норманы сактоо, балдарды массалык иш-...
Health
Кыргызстанда балдар арасында курч респиратордук жугуштуу оорулар көбөйгөндүктөн, 509 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу билим берүү, илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты. "15-декабрга карата карантинге жабылган мектептердин саны 509 болду. Биз күнүгө мектептердин санын тактап, эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөп жатабыз", - деди Ашымбаева. Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл д...
Health
2022-жылдын башынан бери курч кармоочу респиратордук вирустун 78 миң 656 учуру катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматтарында айтылат. Оору 0,3%га өскөн. Бейтаптардын көбү 14 жашка чейинки балдар – 48 миң 287 учур (61,3%). Анын ичинен 1 жашка чейинки балдарда 7964 учур, бир жаштагы балдарда – 6203 учур, 2-4 жаштагылар – 14838 учур. 15-17 жаштагылар – 4807 учур, 18 жаштан жогору – 25562 учур. Сасык тумоо...
Health
Чүй облусунда балдар арасында сасык тумоо күчөгөндүктөн, 13-декабрдан тарта алты мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма кызматы кабарлады. Мындай чечим мектептерде балдардын 20% окууга келбей жаткандыктан кабыл алынган. Карантинге жабылган алты мектеп тең Аламүдүн районуна караштуу. Буга чейин Ооруларды алдын алуу, мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы башкы дарыгерлерге Кыргызстандагы жалпы бала ба...
Health
Кыргызстанда соңку апта ичинде сасык тумоологондор дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн бүгүн 13-декабрда Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. 5-11-декабрь аралыгында сасык тумоо менен 14 миң бейтап катталган, ага чейинки аптада бул көрсөткүч 9 миңдин тегерегинде болгон. Бейтаптардын 68% 14 жашка чейинки курактагы балдар. Мектептерде карантин киргизүү маселеси эгер окуучулардын 20% сабакка барбай жатса коюларын 13-дека...
Health
Баткенде бала бакчанын 5 кызматкери тамакка ууланып оорунакага түштү. Бул тууралуу «Т-Медиага» Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгери Асел Бошбаева билдирди.  Маалыматка караганда, Кадамжай районунундагы «Баластан» балдар бакчасынын кызматкерлери 22-ноябрда ооруканага түшкөн. Алар үй шартында даярдалган консервадан ууланган деп болжолдонууда. Бейтаптардын үчөө бала бакчанын ашпозчусу, бири чар...
Health
Баткенде бала бакчанын 5 кызматкери тамакка ууланып оорунакага түштү. Бул тууралуу «Т-Медиага» Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгери Асел Бошбаева билдирген.  Маалыматка караганда, Кадамжай районунундагы «Баластан» балдар бакчасынын кызматкерлери 22-ноябрда ооруканага түшкөн. Алар үй шартында даярдалган консервадан ууланган деп болжолдонууда. Бейтаптардын үчөө бала бакчанын ашпозчусу, бири ча...
Health
Кыргызстанда 14-ноябрда секелек кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө старт алган. Бүгүн, 23-ноябрга карата республика боюнча 120 миңден ашык кыз эмдөөдөн өткөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Министрликтин маалыматына караганда, бул сан максаттуу топтун 50 пайызын түзөт.
Health
Жалал-Абад шаарындагы дүкөндөрдүн биринде мыйзамсыз сатылып жаткан 190 даана тропикамид, 49 даана капсула түрүндөгү лирика аттуу дарылар табылды. Аларды өспүрүм балдар жеңил наркотик катары колдонушат. Бул дарылар сөзсүз түрдө дарыгердин рецеби менен дарыканада гана сатылышы керек. Аны акыркы убактарда өспүрүмдөр туура эмес багытта пайдалана башташкан. «Жаш өспүрүмдөр тропикамидди колдонуп жатышат. Колдонгондон кийин көздүн кареги чоңоюп, нерв системасына...
Health
“Амир-Тимур” МАБда бүгүн дагы бир социалдык дарыкананын ачылышы болду. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин түштүк бөлүмүнүн башчысы Жигитали Жолдошев, “Дармек-Фарм” ЖЧКсынын директору Зайырбек Киргизбаев, “Социалдык аптека” ЖЧКсынын директору Асел Токтомушева, медицина кызматкерлери, жергиликтүү тургундар катышты. Өз сөзүндө В.Рыскулова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана...
Health
10-16-октябрь күндөрү Кыргызстанда 84 адам COVID-19 вирусун жуктурганы расмий тастыкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган мекеменин маалыматына караганда, 12 адам ооруканага жаткырылып, 72 бейтап үйүнөн дарыланууда. "Өлкөдөгү бардык облустар жашыл аймакта, кооптонууга негиз жок", - деп жазылган маалыматта. 2022-жылдын башынан бери Кыргызстанда 21 586...
Health
11-октябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова иш сапары менен Ош шаарына келди. Иш сапардын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарына барып, медицина кызматкерлери менен жолугушуп, алардын иштөө шарттары менен таанышты. Белгилей кетсек, бул жерге Ош облустар аралык бириккен клиникалык аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн бейтаптары жана медицина кызматкерлери к...
Health
Өткөн жумада дүйнөдө коронавирус инфекциясын 3,2 млн адам жугузган. Бул өткөн ушул мезгилге караганда 0,7 млн көп. Бул тууралуу республикалык штаб ТАСС маалымат агенттигине шилтеме берип жарыялады. Дүйнө жүзү боюнча орто эсеп менен акыркы 10 жумада ооруну жуктуруу азайып жаткан, бирок Европада COVID-19дун жайылуу темпи бир айдан бери өсүүдө. Алдын-ала маалымат боюнча аймакта оорунун жаңы толкунунун башталышы тууралуу жарыялашкан. COVID-19дан адам өлүмүнү...
Health
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын 27 жараны тамакка ууланып, Боткин атындагы инфекциялык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 6-октябрда Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, алар «Прайдекс» курулуш фирмасында иштечү. Компания жумушчуларды жатакана жана үч маал тамак менен камсыз кылган. Ал эми кыргызстандык жарандар Лахта-Борбордогу курулушта иштеп жаткан. Уулангандардын абалы канааттандырарлык экени айтылды. Роспотребнадз...
Health
Саламаттык сактоо министрлигинин 19-сентябрь, саат 22:00го берген маалыматы боюнча чек арадагы куралдуу жаңжалда түрдүү жараат алган дагы 20 адам ооруканага кайрылды. Алардын ичинен 21 киши үйүнөн дарыланууга жиберилди. Жарадарлардын басымдуу бөлүгү Ош жана Бишкек шаарларындагы бейтапканаларда. Жараат алгандардын 12си бала, арасында бир жашка толо элек ымыркай бар экени кабарланган. "Керектүү дары-дармек, кан жана башка медициналык жабдуулар жетиштүү" деп...
Health
Саламаттыкты сактоо министрлигинин бүгүн, 17-сентябрь саат 14:00гө берген маалыматы боюнча ооруканага кайрылгандардын жалпы саны 121 болгон. Алардын ичинен 7 киши үй шартында дарыланууга жиберилген.  1. Баткен облустук ооруканасына — 41; 2. Лейлек ооруканасына — 35; 3. Кулундуда — 3; 4. Сүлүктүдө – 6;  5. Улуттук госпиталга — 21;  6. Улуттук хирургия борборуна — 1; 7. Улуттук энени жана баланы коргоо борборуна — 6; 8. Ош облустук ооруканасына – 1 жабырлану...
Health
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, соңку бир аптада Кыргызстанда коронавирус жуккан 179 учур катталды. Алардын 26сы ооруканада, калгандары үйлөрүндө дарыланууда. Расмий маалыматка ылайык, пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда вирустан үч миңдей бейтап көз жумган. Өткөн айда Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) коронавируска каршы күрөштүн алкагында Кыргызстанга 15 миллион сомдук медициналык жабдуу...
Health
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгына кабылып ооруканага түшкөн үч кыргыз жаранынын абалы туруктуу оор экенин, алар керектүү дары-дармектер менен камсыз болгонун билдирди. Анда каргаша болгон жерде учурда Орусиядагы кыргыз элчилигинин өкүлдөрү жүргөнү, соттук-медициналык экспертизалар аяктагандан кийин маркумдардын сөөгү мекенине жөнөтүлөрү айтылат. Жакынкы убакта "Жүк-200" үчүн атайын учак жөнөтүлөт. 21-августта...
Health
8-августтан 14-августка чейин Кыргызстанда 527 адам коронавирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан ырасталды. Санэпидкөзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборунун маалымдашынча, илдетке чалдыккандардын 138и ооруканада, калгандары үйүндө дарыланып жатат. Расмий эсепте пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда вирустан 3 миңдей көз жумган.
Health
Ушул жылдын алты айында Ош облусунун Кара-Суу районунда ВИЧ илдетин жуктуруп алган 16 жаңы учур катталды. Бул былтыркы жылдын ошол мезгилине салыштырмалуу үч учурга көп.  Облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунан билдиргендей, 1-августан баштап Кара-Суу районунда акысыз экспресс тест тапшыруу акциясы башталды. Жергиликтүүлөр 19-августка чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда ВИЧке карата шилекейден тест тапшырып, он беш мүнөттүн ичинде жыйын...
Health
Акыркы бир жумада Кыргызстанда COVID-19дун 1091 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу  оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди. Илдетти жугузуп кайрылган 180 жаран ооруканада жатат. 911 бейтап амбулатордук шартта дарыланууда. Пандемия башталгандан бери өлкөдө оорунун 203 776 учуру катталган. 2022-жылдын 7 айында жалпысынан коронавирустун 19 028 учуру катталган. Анын 89,5%ы лабораториялык жол менен аны...
Health
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Гебрейесус маймыл чечеги боюнча абалды «саламаттык сактоодогу эл аралык мааниге ээ өзгөчө кырдаал» деп жарыялады. ДССУнун акыркы маалыматына караганда, май айынан бери маймыл чечегин 70тей мамлекетте 16 миңдей киши жуктуруп алды. Гебрейесус Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорунун жайылышын өзгөчө кырдаал деп жарыялоо боюнча бир чечимге келе албагандыктан, жеке өзү ушундай чечим кабыл алганын белг...
Health
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында учурда дүйнөдө коронавирустун «Омикрон» штаммынын жаңы түрү «Кентавр» жайылып жатат. Бул вирус башкалардан активдүүрөөк жугушу менен айырмаланат.  «Кентавр» деп аталып калган SARS-CoV2 мутациясы алгачкы ирет Индияда аныкталган. Бирок вирус башка өлкөлөргө — Улуу Британия, АКШ, Австралия, Германия, Канадага жана азыр Россияга тез өтүп кетти. Министрликтин билдиришинче «Кентаврдын» белгилери коронавируска окшош:...
Health
Кыргызстандын оор дартка чалдыккан 10 жаранын Түштүк Кореяга дарыланууга жиберүү пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Кечээ 15-июлда министр Алмазбек Бейшеналиев Кореянын Кемён университетинин Донгсан медициналык борборунун өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда медициналык билим берүү тармагында кызматташуу маселелери талкууланды. Жолугушууда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин демилгеси менен оор дартка ч...
Health
Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады. Оору жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү (75 адам) Бишкек шаарында катталды. Учурда 16 адам ооруканада жатат, ал эми калганы үйүндө дарыланууда. Коронавируска чалдыккандардын жалпы расмий саны өлкөдө 201 миңден ашып, үч миңдей бейтап көз жумду. Май айынан бери сырттан Кыргызстанга келген адамдардан коронавирусту аныктоочу ПЦР тесттин жыйынтыгы талап кылынбай калган. Саламаттык сак...
Health
15-июлга карата Кыргызстанда 85 адам коронавирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан ырасталды. Санэпидкөзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборунун маалымдашынча, илдетке чалдыккан 76 адам Бишкекте. Ош, Чүй облустарында үчтөн, Жалал-Абадда эки адам, Ош шаарында бир адам катталды. 28 адам коронавирустун симптомдоруна байланыштуу дарыгерге кайрылышкан. 57 адам ПЦР тапшырган учурда аныкталган. Илдетке чалдыккандардын 12си ооруканада, калгандары үйүндө дарыл...
Health
Казакстандагы Январь окуяларында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун саламаттыгына оор залал келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү жүргүзгөн тергөөдө жана соттук-медициналык экспертизада аныкталганын музыкант өзү Фейсбукка жазды. «Бүгүн Ленин райондук милициясы менин ишим боюнча тергөөнү аяктап, материалдар менен тааныштырды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча менин саламаттыгыма оор залал келтирилгенин экспертт...
Health
12-июлга карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 28 учуру катталган. Анын ичинде экөө Өзбекстан жана Казакстандан келгендер. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады. Аныкталгандардан: 20 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан. 6 өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда аныкталган. Аныкталгандардын ичинен алтоо гана COVID-19га каршы эки жолу эмдөөдөн өткөн. Амбулатордук дарыланууда — 20, оорукана жаткандар — 2. 12-июлга карата тобокелди...
Health
Орусияда маймыл чечегин жуктурган биринчи учур катталды. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта илдет Европадагы мамлекеттердин биринен саякаттап келген адамдан табылганы айтылат. Анда оору жеңил формада өтүп жатканы, бейтап обочо кармалып жатканы жана аны менен байланышта болгон адамдар медициналык байкоодо турганы да белгиленет. Вирустун жаңы толкуну быйыл майдан тартып башталган. АКШ, Канада, Австралия, Испания,...
Health
Коронавирус жуктурган жарандар көбөйгөнүнө байланыштуу Ташкенттин 12 районунда COVID-19га адистешкен атайын бейтапканалар иштей баштады. Бул тууралуу 29-июнда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. «Күнү-түнү иштей турган бул мекемелердин негизги милдети – бейтаптардан вирусту болушунча эртерээк аныктап, өз учурунда диагноз коюп дарылоо», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө. Маалыматка караганда, атайын бейтапканаларда коронавирусту аныктоо үчү...
Health
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 6-июндагы отурумунда Азия өнүктүрүү банкынан (АӨБ) COVID-19га каршы вакцина сатып алуу үчүн 12,5 миллион доллар насыя алуу тууралуу келишим долбоорун башка күнү кароо чечимин кабыл алды. Долбоорду өкмөт парламентке ратификациялоо үчүн киргизген. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериева бул вакцинаны 2024-жылы сатып алуу пландалып жатканын, азыр өлкөдө 2,5 миллион доза бар экенин, анын 1,5 миллиону...
Health
Ош шаарынын Озгур айылында фельдшердик-акушердик пункт ачылды.Ачылыш аземге Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү, аксакалдар, жергиликтүү тургундар катышты. ФАПта дарылоо бөлмөсү, УЗИ кабинети, алгачкы жардам көрсөтүү, эмдөө бөлмөлөрү, гинекологиялык отургуч бар. Бул мекемеде 4 медицина кызматкери иштейт. Жергиликтүү тургундар бул мекеменин өз айылында ачылганына ыраазычылыктарын билдиришти. Белгилей кетсе...
Health
Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, 30-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган адам катталган жок. Ушул тапта ооруга мурда чалдыккан тогуз бейтап үйүндө дарыланып жатат. 2020-жылдын мартынан бери коронавируска 200 992 адам чалдыгып, 2 991 киши оорудан көз жумган. 196 400 адам илдеттен сакайган. 12-марттан тартып Кыргызстанда коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен...
Health
1-майдан тарта өлкө аймагына кирүүдө коронавируска ПЧР-тест, эмдөө жөнүндө сертифкат талап кылуу жокко чыкты. Мындай чечим Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов өткөргөн Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта 2020-жылы 22-мартта өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал режиминин алуу маселеси каралат. Мындан эки к...
Health
Акыркы суткада коронавирус жуктургандар катталган жок. Ооруканаларда даарыланып жаткан бардык бейтаптар үйлөрүнө чыгарылган. Республикалык штаб, соңку суткада жети бейтап айыгып чыкканын билдирди. Пандемия башталгандан бери жалпы жуктургандардын саны өлкөдө 200 990 адамга жеткен. Анын ичинен айыгып чыккандар 196 393. Курмандыктар 2991. Учурда 14 бейтап үй шартында дарыланууда.
Health
Кыргызстанда 15 — апрелге карата коронавирустун 7 жаңы учуру аныкталды. Өткөн суткада эки жаран сакайып ооруканадан чыкты. Бир күндө COVID-19 илдетинен каза болгондор жок.  Инфекцияны жуктуруп алгандар Бишкекте — 5, Чүйдө — 2 адам. Апрель айынын башынан бери башка аймактарда оору катталган жок. Кыргызстанда дүйнө жүзүн каптаган вирус 2020-жылдын март айында аныкталган. Пандемия башталгандан бери эки жыл өтүп, инфекция 200 миң 980 адамга жукту. Анын ичинде ...
Health
Кыргызстанда 14-апрелге карата 2 225 ПЧР анализ жүргүзүлүп, коронавирустун үч жаңы учуру аныкталды. Илдеттен бир адам сакайып, каза болгондор катталган жок.  Вирусту жаңы жуктургандар Бишкекте – 1, Чүйдө — 2 адам. Калган аймактарда апрель айынын башынан бери коронавирус аныкталган эмес. Өлкөдө пандемия башталган эки жылдан бери COVID-19 илдети жалпы 200 миң 973 кишиге жукту. Анын ичинен 196 миң 304 бейтап ооруну жеңди. Жалпы 2991 бейтап көз жумду. Учурда с...
Health
Саламаттыкты сактоо министрлиги 12-апрелдин таңына карата бир күндөгү коронавирус жана пневмония боюнча маалымат таратты. Ага ылайык, соңку суткада 2 460 ПЧР изилдөө жүргүзүлгөн. Бирок, жаңы учурлар катталган жок.  Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктургандардын жалпы саны 200 970 бейтапты түзүүдө. Анын ичинен айыгып чыккандар 196 303. Каза болгондор 2991.  Учурда ооруканада 72, үй шартында 13 бейтап дарыланып жатат.
Health
Саламаттыкты сактоо министрлиги 11-апрелдин таңына карата бир күндөгү коронавирус боюнча маалымат таратты. Ага ылайык, соңку суткада коронавирус илдетин жуктургандар да айыгып чыккандар да катталган жок. Жалпы 839 ПЦР изилдөө жүргүзүлгөн. Буга чейин коронавирус жуктургандардын жалпы саны пандемия башталгандан бери 200 970ке жеткен. Анын ичинен айыгып чыккандар 196 303. Каза болгондор 2991. Учурда ооруканада 71, үй шартында 14 бейтап дарыланып жатат.
Health
9— апрелге карата COVID-19 илдетинин Бишкекте 1 жаңы учуру катталды. Өткөн суткада 5 бейтап оорудан сакайып, каза болгондор катталган жок.  Ушуну менен өлкөдө пандемия башталган эки жылдан бери 200 миң 970 жаран коронавирус жуктурду. Алардын 196 миң 293ү сакайып, 2991 киши көз жумду.  Бир күндө жалпы 1 893 ПЧР изилдөө жүргүзүлгөн. Учурда стационарда 83, үйдөн 14 бейтап дарыланып жатат.
Health
Акыркы 5 суткадан кийин өлкөдө кайрадан коронавирустун жаңы 1 учуру катталды. Ошол эле учурда 9 бейтап айыгып чыкты. Республикалык штабдан маалымдашкандай, жалпы коронавирус жуктургандардын саны ушуну менен 200 969га жетүүдө. Анын ичинен айыгып чыккандар 196 288. Каза болгондор 2991. Ушул тапта ооруканаларда 86, үй шартында 15 бейтап дарыланууда.
Health
COVID-19 илдетин жуктургандар катарынан 3 суткадан бери аныкталган жок. Ошол эле учурда мурда жуктургандардын ичинен 11 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Пандемия башталган эки жылдан бери Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 200 968ди түзүүдө. Алардын ичинен айыгып чыккандар 196 268. Курмандыктар 2991. Соңку суткада 1 668 ПЦР изилдөө жүргүзүлгөн. Учурда ооруканада 89, үй шартында 31 бейтап дарыланып жатат.
Health
Экинчи күн катары менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккан учур катталган жок. Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, инфекцияны мурда жугузган 132 адам дарыланып жатат. Алардын 41и ооруканада, 91 адам үйлөрүндө дарыланууда. Бир суткада тогуз киши айыгып чыкты. Кыргызстанда коронавирус болгондордун жалпы саны 201 миңге чукулдады. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго жакын адам алды, ал эми толук эмделгенде...
Health
Саламаттык сактоо министрлигинин 2-апрелдеги маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда вирус тогуз адамдан аныкталды. Оору жугузуп алгандардын баары Бишкекте катталды. Башка аймактарда ооруну жугузуп алгандар катталган эмес. Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган эки жылдан бери аны жугузуп алгандардын расмий катталган саны 200 955  адамга чукулдады. Расмий эсеп боюнча 2990 киши каза болду. Ушул тушта ооруканаларда жаткан 90 адам жатат, алардын ар...
Health
Бүгүн, 1-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 илдети 11 кишиден аныкталды. 13 адам айыгып, бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты. Жаңы учурлардын төртөө Бишкектен, жетөө Чүйдөн аныкталган. Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 200 946га жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 196 226. Каза болгондор 2989.        Учурда стационарда 86 жана амбулатордук түрдө 59 адам дарыланып жатат.
Health
Бүгүн, 29-мартка карата Кыргызстанда COVID-19 илдетин 17 киши жуктуруп алды. 12 бейтап айыгып, бирөө көз жумду.  Республикалык штаб маалымдагандай, жаңы учурлардын 11иБишкек шаарынан, алтоо Чүйдөн аныкталган. Жалпы жуктургандардын саны пандемия башталгандан бери  200 909 адамга жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 196 193. Курмандыктар 2986.        Учурда стационарда 98 жана амбулатордук түрдө 49 адам дарыланып жатат.
Health
Кыргызстанда 26 — мартка карата COVID-19 илдетинин 11 жаңы учуру аныкталды. Оорудан өткөн суткада бир адам каза болуп, 11 бейтап сакайып чыкты.   Вирус жутургандар Бишкекте — 7, Чүй облусунда — 4 киши. Калган аймактарда инфекция катталган жок. Ушуну менен өлкөдө пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери 200 миң 868 адам вирус жуктурду. Эки жыл ичинде 196 миң 154 бейтап оорудан сакайып, 2 миң 984 киши каза болду. Учурда стационарда 85 бейтап, үйдөн 61...
Health
Кыргызстандагы коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын бүгүнкү, 25-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда вирус 10 адамдан аныкталды. Бишкекте алты, Чүйдө төрт учур катталды. Бир бейтап каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын расмий саны 2983 адам. Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 857 адам болду. Акыркы суткада 14 адам илдеттен сакайып чыкты. Учурда 88 бейтап ооруканада, 58и...
Health
Кыргызстанга 23-мартта ЮНИСЕФ эл аралык уюму аркылуу вакцина сактоочу 200 муздаткыч жабдуулары алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.  Жаңы жабдуулар вакциналардын коопсуз сакталышы үчүн өлкөдөгү саламаттыкты сактоо уюмдарында орнотулат. «Кыргызстан ЮНИСЕФтен 150 фризерди жана 50 айкалыш муздаткычты алды. Жаңы жабдуулар министрликтин вакциналарды туура сактоо жана Кыргызстандын калкы үчүн сапаттуу эмдөө кызматын камсыз кылуу мүм...
Health
Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү, 24-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда вирус 11 адамдан аныкталды. Бишкекте тогуз, эки учур Чүйдө катталды. Каза болгондор жок. Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 847 адам болду. Акыркы суткада 16 адам илдеттен сакайып чыкты. Учурда 89 бейтап ооруканада, 63 үйүндө дарыланууда. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын расмий саны 2982 адам. Кыргыз өкмөтү бул ил...
Health
Акыркы 24 сааттын ичинде өлкөдө коронавирус илдети 10 адамдан аныкталды. Мурда жуктургандардын ичинен 19у айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 бейтап көз жумган.  Республикалык штабдан билдиришкендей, жаңы учурлардын төртөө Бишкектен, алтоо Чүйдөн аныкталган.  Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 200 836га жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 196 113. Каза болгондор 2 982.
Health
Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү, 22-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан бир адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын расмий саны 2981 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы сегиз адам катталды. Алардын бешөө Бишкек шаарында. Эки учур Ошто, бирөө Чүй облусунда катталган. Акыркы суткада 11 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө 89 бейтап ооруканада, 78и үйлөрүндө дары...
Health
Кыргызстандагы коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб АКШ менен Европада коронавирустун "дельта" жана "омикрондун" мутациясын айкалыштырган варианты (гибрид) аныкталганын билдирди. Маалыматка караганда, жаңы штаммдын генетикалык ырааттуулугу февраль айында GISAID эл аралык маалымат базасында Франциядагы бейтаптан январда алынган үлгүдөн аныкталган. Андан соң жаңы вариант вирустук геномдордун чечмелөөсүндө дээрлик элүү жолу (Дания, Германия, Ни...
Health
Саламаттык сактоо министрлигинин маалымдашынча, 19-мартка карата Кыргызстанда 15 адам коронавируска чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталды. Чүй облусунда бир адам оорудан улам көз жумду. Оору жуктуруп катталгандардын ичинен тогуз адам Бишкекте, Чүйдө төрт, Таласта бир, Ысык-Көл облусунда бир адам. Калган облустарда жана Ош шаарында коронавирус жуктургандар катталган жок. Ушуну менен өлкөдө пандемия башталгандан бери расмий эсепте COVID-19 жуккандарды...
Health
Акыркы суткада COVID-19 илдетин он бир киши жуктурап алды. Бир бейтап көз жумуп, 31 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады. Жаңы учурлардын алтоо Бишкек шаарынан, төртөө Чүйдөн, бирөө Ош облусунан аныкталган. Жалпы жуктургандар пандемия башталган эки жылдан бери  200 787ге жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 196 016. Каза болгондор 2977.       Ушул тапта ооруканаларда 112 жана амбулатордук түрдө 97 адам дарыланып жатат.
Health
Кыргызстанда коронавирус эң алгач 2020-жылдын 18-марты күнү катталган. Анда Сауд Арабиясында умра сапарынан кайтып келген Жалал-Абаддын Сузак районун 70, 62, 43 жаштардагы үч кишиден аныкталган. Бул тууралуу ошондогу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 18-мартта эртең менен өкмөттөгү чукул басма сөз жыйынында расмий билдирген. Вирус жугузган адамдар ошол жылы 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга учуп келишкенде, алардан анализдер алынып, өздөрү үйлө...
Health
Бүгүн, 17-мартка карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинин жаңы 13 учуру катталды. Мурда жуктургандардын 39у айыгып, бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады. Илдет жуктургандардын 10у Бишкек шаарынан, экөө Чүйдөн, бирөө Ош облусунан.  Ушуну менен пандемия башталгандан бери жалпы жуктургандардын саны 200 776га жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 195 985.  Казаболгондор 2976.       Учурда ооруканаларда 109, үй шартында  122 адам дарылан...
Башкы экранга oshto.kg кошкуңуз жана жаңылыктардан кабардар болгуңуз келеби?