• Башкы бет
  • Жыл өткөн сайын ВИЧ-СПИДди жуктуруп алгандардын саны өсүүдө
15:23, 2022-ж., 2-август

Жыл өткөн сайын ВИЧ-СПИДди жуктуруп алгандардын саны өсүүдө

Жыл өткөн сайын ВИЧ-СПИДди жуктуруп алгандардын саны өсүүдө

Ушул жылдын алты айында Ош облусунун Кара-Суу районунда ВИЧ илдетин жуктуруп алган 16 жаңы учур катталды. Бул былтыркы жылдын ошол мезгилине салыштырмалуу үч учурга көп. 

Облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунан билдиргендей, 1-августан баштап Кара-Суу районунда акысыз экспресс тест тапшыруу акциясы башталды. Жергиликтүүлөр 19-августка чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда ВИЧке карата шилекейден тест тапшырып, он беш мүнөттүн ичинде жыйынтыгын алышса болот. Бул процедура 100 пайыз ананимдүү жүргүзүлөт.

Ош облусу боюнча ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандардын эң көбү Кара-Суу районунда. Аймакта бул илдет менен күрөшүп жаткандардын саны 900дөн ашат. Адистердин айтымында, жыл өткөн сайын ВИЧ-СПИДди жуктуруп алгандардын саны өсүп жатат. Маселен 2021-жылдын алты айында 50 адамдан ВИЧ илдети табылса, ушул жылдын алты айына карата 85 жаңы учур катталган.

Облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунан билдиришкендей,  илдетти жугузгандардын көпчүлүгү 18 жаштан 45 жашка чейинки жарандар. Басымдуусу жыныстык жол менен жугузган. Миграцияда жүргөндөрдүн арасында да көп катталууда.

1-августта аталган борбор тарабынан Кара-Суу районунун активтерине семинар уюштурулуп, ага 200дөй адам катышты. Буга чейин ВИЧ илдети көп катталган Ноокат районунда да ушундай эле акция уюштурулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...