• Башкы бет
  • Өлкөдө антибиотиктер боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүүдө
13:32, 2023-ж., 9-февраль

Өлкөдө антибиотиктер боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүүдө

Өлкөдө антибиотиктер боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүүдө

Кыргызстанда антибиотик дарыларды туура колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлдү. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ден соолукту чыңдоо борбору 9-февралда кайрылуу жарыялап, антибиотиктерди туура колдонуу эрежелери жана анафилактикалык шок деген эмне экендиги жөнүндө маалымат жарыялады.

“Антибиотикти туура эмес колдонуу анын ооруларга күчү жетпей калышына, оорунун ага туруктуу бактерияларынын пайда болушуна алып келет. Аны дарыгер гана жазып бере алат, себеби ал кайсы ооруга кандай жана канча дары керек экенин билет”, - деди медицина илимдеринин доктору Аида Зурдинова.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери антибиотик сайгандан кийин аллергиялык реакциянын айынан анафилактикалык шок абалга кептелген тогуз адам катталганын, алардын бири өзүнө келе албай каза болгон 3-февралда Саламаттык сактоо министрлиги билдирген. Териштирүү жүргүзгөндө мындай реакция “Цефтриаксон” дарысын көпчүлүк учурда үй шартында сайгандан кийин пайда болгону аныкталган.

Кыргызстанда антибиотик дарыгердин рецептинин негизинде гана сатылат деген эреже бар, бирок көпчүлүк дарыканаларда мындай талап сакталбайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Антибиотик

Комментарийлер

live comments feed...