• Башкы бет
  • Ош: милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт
12:49, 2023-ж., 16-сентябрь

Ош: милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

Ош: милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

Бул багытта Ош шаарынын мэриясында жыйын өтүп, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкаруу бөлүмүнүн башчысы Жыпара Азизбекова, Ош шаардык жана Ош облустук саламаттык сактоо координаторлору, жогорку окуу жайлардын жетекчилери катышты.

Жыйында Ош шаарында “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамынын аткарылышын ишке ашыруу максатында калкты милдеттүү түрдө медициналык жактан камсыздандыруу зарылчылыгы белгиленип, 21 жаштан жогорку күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан (дистанттык) окуу формаларынын, ошондой эле билим берүү уюмдарында окуп же иштеп жаткан чет өлкөлүк студенттерди медициналык камсыздандыруу боюнча иштерди күчөтүүнү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги айтылды.

Мындан тышкары, камсыздандырылбаган жарандардын категориялары, камсыздандыруу полисин сатып алуу жолдору, мамлекет тарабынан кепилденген медициналык кызмат көрсөтүүлөр акысыз жана жеңилдетилген медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттары тууралуу маалымат берилди. 

Жыйынтыгында аталган багыт боюнча маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу жана жайгаштыруу боюнча тапшырмалар берилди. 

Маалымат үчүн: Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полиси жарандарга медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген пакетин жеңилдик менен алууга укук берет. ММК полисин жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан же Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун Ош аймактык башкармалыгынан сатып алууга болот.

ММК полисин колдонуу мөөнөтү жана баасы Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн  1 жылга  1722 сом, ал эми чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн 6 айга 8 196 сом, 1 жылга 16391 сомду түзөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош-медицина

Комментарийлер

live comments feed...