15:19, 2023-ж., 13-февраль

12 адамдан коронавирус аныкталды

12 адамдан коронавирус аныкталды

6-февралдан 12-февралга чейинки аралыкта Кыргызстанда 12 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалымдашынча, жети адам ооруканага жаткырылды. Калгандары үйүндө дарыланууда.

Мекеменин маалыматына ылайык, коронавирус боюнча Кыргызстандын бардык аймактары азыр жашыл зонада.

2022-2023-жыл ичинде Кыргызстанда 21863 адам коронавируска чалдыккан.

Жалпы пандемия башталгандан берки аралыкта 3 миңдей адам оорудан көз жумган.

Кыргызстанда былтыр, 1-ноябрдан тарта коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал режими алынган. Өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында өлкөдө массалык оорулардын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында киргизилген эле. Ага чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Коронавирус

Комментарийлер

live comments feed...