Ош жаңылыктары
Чыпкалар
Чыпкалар
Society
16:10, Бүгүн
Париждин ажайып жайларынын бири – Эйфель мунарасын дат басып, капиталдык ремонтко муктаж. Бирок 2024-жылы өтө турган Олимпиада оюндарынын алдында аны кайрадан жөн гана сырдап коюшуда. Бул тууралуу Marianne француз журналы өз булактарына таянуу менен билдирди. Журналдын колуна тийген жашыруун отчетторго караганда, Эйфель мунарасындагы дат жана жаракалар 2014-жылы эле аныкталган. 2016-жылы мунаранын 884 жери зыянга учураганы, анын ичинден 68и конструкциянын...
Society
16:08, Бүгүн
5-июль күнү Салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарада Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, Ош шаардык кеңешинин бюджеттик комитетинин төрагасы Эсенбек Арзиев кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ак ниет эмгеги жана салык тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ардак грамоталарды жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды. Куттукто...
Society
16:04, Бүгүн
Каракалпакстандагы толкундоолордон кийин Алматыга келген өзбекстандык полициячылар тобу жергиликтүү активисттер менен бир ай иштейт. Бул тууралуу «Настоящее время» телеканалына сыр сактоо шарты менен суракка кирип чыккандар билдирди. Алардын айтымында, полициячылар нааразылыкты уюштурууга Казакстандагы каракалпак диаспорасынан шек саноодо. Өзүн Аллаяр деп тааныштырган каракалпакстандык активист Алматыда көптөн бери иштейт, бирок туулган жери менен тыгыз ба...
Society
16:03, Бүгүн
Ош шаардык мэриясы Курман айт намазы 9-июль күнү борбордук аянтта окула турганын билдирди. Ага ылайык, намаз 07:30да окулат. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, курман айт күнү коомдук тартипти жана адамдардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукту болтурбоо максатында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт. Быйыл өлкөдө Курман айт майрамы 9-июлга туш келген. Бул күн дем алышка туура келгендигине байланыштуу 11-июль – дүйшөмбү да эс алуу кү...
Society
16:01, Бүгүн
«Дордой» базарында чыккан өрттө 42 контейнер жана тогуз күркө толук күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, кытай катарында металлдан жасалган 42 контейнер, тез тамактануу, шаурма жана суусундук сатуучу тогуз күркө (павильон) күйгөн. «Өрттөнгөн соода түйүндөрүндө кийим-кече сатылчу. Ал эми тилсиз жоо жалпысынан 1000 чарчы метр аянтта жайгашкан соода түйүндөрүн жарактан чыгарып, анын кесепетинен 2 адам түтүнг...
Society
15:58, Бүгүн
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет Каракалпакстандагы нааразылык акциялары учурунда кеминде 18 кишинин каза тапканын көз карандысыз иликтөөгө чакырды. "Нааразылык митингдери учурунда адам өлүмү менен коштолгон олуттуу зордук-зомбулук тууралуу кабарлар бизди абдан тынчсыздандырат. Бийликти мүмкүн болушунча карманууга чакырам", - деп айтылат 5-июлдагы билдирүүдө. Бачелет ачык, көз карандысыз иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка жол берилге...
Society
15:54, Бүгүн
АКШ жана дагы 34 өлкө Орусия менен Беларуска каршы спорт жаатындагы санкцияларды күчөтүү тууралуу билдирүүгө кол койду. Алар эл аралык федерацияларды ал эки өлкөнүн улуттук спорт органдары менен кызматташуусун токтотууну, эл аралык спорт федерацияларындагы чоң кызматтардан орус жана беларус бийлиги менен байланышы бар адамдарды алууну сунуш кылууда. Андан тышкары эл аралык спорт мелдештерин сөз болгон өлкөлөрдө көрсөтпөө мүмкүнчүлүгүн караштыруу пункту кам...
Society
15:52, Бүгүн
Бишкек-Ош автожолунда (Төө-Ашуу) Кусеин Көлбаев атындагы тоннелде күйүп кеткен электр зымдарын алмаштыруу иштеринен улам 6-июлдан 8-июлга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады. 5-июлдун кечинде тоннелдин ичинде автоунаа өрттөнүп, анын эки тарабы тең убактылуу жабылып, кийин ачылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) тоннелдин ичинде автоунаа өрттөнүп кеткени тууралуу маалымат кечки саат...
Society
15:37, Кечээ
4-июлда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык “Манас-Ата” кафеси комиссия тарабынан текшериле баштады. Биринчи вице-мэр Марс Исаев жетектеген комиссиянын курамына Санэпид, “Ош электро”, “Тазалык”, “Ошшаарсууканал”, Архитектура башкармалыгы, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү кирди. Комиссия бардык жагдайларды иликтеп бүткөнгө чейин тамактануучу жай жабылды. Суусу жана электр энергиясы өчүрүлүп, Тазалык ишканасы да келишимди токтотту. О...
Society
15:35, Кечээ
Ыссык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 2 жүргүнчү каза болду. Анын бирөөсү 7 жаштагы бала. Окуя 4-июль күнү саат 19:30дар чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 27-чакырымында болгон. Анда Honda Odyssey жана Toyota Estima үлгүсүндөгү жеңил унаалары кагылышкан. Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынан 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми 14 адам ооруканага жеткирилген.
Society
15:33, Кечээ
Орусия 15-июлдан тарта COVID-19га байланыштуу 2020-жылы мартта киргизилген чек арадагы бардык чектөөлөрдү алат. Ошол эле маалда өлкөгө кирип жаткан чет өлкөлүктөр үчүн (беларустардан башка) ПЧР-тест тапшыруу талабы күчүндө калат. Орусия деңиз жана аба каттамдары менен келген жарандар үчүн чек ара пункттарындагы чектөөлөрдү 14-июнда эле алган. 1-июлда Роспотребнадзор коронавируска байланыштуу коомдук тамактануучу жайлардын түнкүсүн иштөөсүнө, ошондой эле жа...
Society
15:31, Кечээ
"Дордой" базарында чыккан өрттү өчүрүү аракети уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-июлда саат 11де билдиргендей, базарда жайгашкан тамактануучу жайдан өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоо менен алышууга 10:19да өрт өчүрүүчү бир бөлүм, 10:25те кошумча эки бөлүм, саат 10:30да дагы бир бөлүм, суу ташуучу бир машина, 10:33тө бир, саат 10:36да дагы бир бөлүм тартылганы маалымдалды. Жалпысынан өрттү өчүрүүгө Бишкек шаардык, Ленин, Свердлов жана...
Society
15:29, Кечээ
“Эсимде” изилдөө аянтчасы 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшүн уюштурганы жатканын 4-июлда жарыялады. Жүрүш август айынын биринчи жумасына пландалууда. Анын алкагында катышуучулар 1916-жылдагы трагедияга байланышкан тарыхый жерлерди кыдырышат. Чүй өрөөнүнөн башталган эскерүү жүрүшү Ысык-Көлдүн күңгөйү менен тескейин аралап, Сырт өрөөнүнө, кандуу окуялар болгон, адамдарды атып өлтүрүшкөн, тарыхты баяндаган жазуучулардын ките...
Society
15:27, Кечээ
6-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолорунда өткүн өтөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Чүй облусунун тоолорунда өткүн өтөт, Чүй облусунун өрөөнүндө, Талас, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15...
Society
15:23, Кечээ
Украинанын президенти Владимир Зеленский өз өлкөсүнүн куралдуу күчтөрүнүн Москванын мизин кайтарууга кубаты жетиштүү экенин билдирди. Андан мурда Орусиянын лидери Владимир Путин өз армиясына Украинанын чыгышын басып алууну улантууну буйруган. Зеленский 4-июлдун кечинде билдиргендей, украин армиясы Лисичанскиден чегингенине карабастан, өлкө чыгышында аскердик аракеттерин улантууда. "Биз алардын мизин кайтарышыбыз керек. Бул оор маселе. Ал убакытты жана болу...
Society
14:47, -ж., 4-июль
Ош шаарынын санэпид кызматы ЭСКЕРТЕТ: Жайдын аптаптуу мезгилинде калк арасында тамак-аштан уулануу жана ичеги-карын оорулары күч алууда. Бул өзгөчө 14 жашка чейинки балдардын арасында көп катталууда. Андыктан тез бузулуучу тамактарды жегенде этият болуу өтө маанилүү. Ага байланыштуу Ош шаарынын санэпид кызматы төмөнкүлөргө көңүл бурууга чакырат: - тамак-аш азыктарын уруксатсыз соода кылган жерлерден белгисиз адамдардан сатып албаңыздар. Бул өзгөчө тез бузу...
Society
14:45, -ж., 4-июль
Ош шаарынан келген делегация “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын ачылышына арналган салтанатка катышты. Белгилей кетсек, эл аралык программанын ачылышы шаардын негизделген күнүндө болуп өттү. Делегациянын курамында Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Ош шаардык кеңешинин депутаттары Кушбак Шайиев жана Эмилбек Раимовдор бар. Иш-чаралар “Улут жолу” түнкү этнофестивалы менен башталып, анын ачылышына КР Президенти Садыр Жапаров каты...
Society
14:42, -ж., 4-июль
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандагы башаламандыктардагы жоготуулар тууралуу үн катты. Маалымат кызматы 3-июлда таратка билдирүүсүндө президент канча адам мерт кеткенин же жарадар болгонун айткан эмес. «Тилекке каршы, жайкын тургундардын жана коопсуздук кызматкерлеринин арасында дагы жоготуулар бар«,- деген Мирзиёев. Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү бо...
Society
14:40, -ж., 4-июль
1-июлда Атырау шаарынын борбордук аянтындагы митингден кийин ондогон киши кармалганы белгилүү болду. Кармалгандардын бир бөлүгү сурактан кийин бошотулган. Бул тууралуу Атырау облустук полиция департаменти кабарлады. Жергиликтүү басылмалар митингге чыккандар Атырау шаарында иштеген каракалпакстандыктар экенин жазышты. Алар Ташкент сунуштаган конституциялык реформаларга нааразы болгон мекендештерине тилектештик билдиришкен. “Аянтка 75тей киши чыкты. Алар уру...
Society
14:38, -ж., 4-июль
«Кыргызкөмүрдүн» жетекчилиги жана тийиштүү жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышкан. Алар мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан, өз ара аффилирленген «Ж» жана «И» жоопкерчилиги чектелген коомдору менен иштешишкен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. «Алар Кара-Кече көмүр кенинен Балыкчы шаарына чейин 200 миң тонналык көмүрдү ташып жеткизүү үчүн кызматтарды сатып алуу боюнча атайын бекитилген баанын өлчөмүнөн эки эсег...
Society
14:34, -ж., 4-июль
47 миң кыргызстандык жаран Орусиянын «кара тизмесинен» чыгарылды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай бул май айындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашты. Кайрадан Орусияга кирүүгө уруксат алган кыргызстандыктар «анча маанилүү эмес» административдик жоруктары үчүн расмий Москва тарабынан «кара тизмеге» киргизилген. Маалыматка ылайык, учурда дагы 35 миңге чамалуу кыргызстандык жаранга Орусияга кирүүгө тыюу салынган. Алардын...
Society
14:30, -ж., 4-июль
Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелип жаткан Сухраб Жумакулов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Эркин Ирискулбеков билдирип, шектүүнүн бөгөт чарасы тууралуу чечим Чүй райондук сотунда 3-июлда чыкканын айтты. Жумакулов 29-августка чейин камакка алынганын билдирген жактоочу соттун бул чечимин мыйзамсыз деп атап, ал мыйзам бузуу менен кабыл алынганын, апелляциялык арыз берилерин маалымдады. “Биринчиден, бөгөт чарасын аныктоонун 48 сааттык процессуал...
Society
14:27, -ж., 4-июль
Бүгүн 4-июлда Кой-Таштагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер каза болгонун Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя саат 02:00 чамасында болгон: "№73809 аскер бөлүгүнүн анык мөөнөттөгү кызматын өтөп жаткан аскер кызматкери, катардагы Ж.Э. (01.04.2000-ж. төрөлгөн) постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыккан, жоокер жаракат алган жеринен көз ж...
Society
14:25, -ж., 4-июль
Саясат талдоочу Марат Казакпаев менен бирге кармалган Кыргызстандагы казак диаспорасынын мурдагы башчысы Марат Токтоучиковго карата сот өкүмү чыгып, ал 2,5 жылга эркинен ажыратылганын 4-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, өкүм 27-июнда чыкты. Токтоучиков Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакциядагы) “Мамлекеттик чыккынчылык кылуу” деген 307-беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылып, жаза мөөнөтүн...
Society
14:22, -ж., 4-июль
Курман айт күнү, 9-июлда Кыргызстандын аймагында 8 миңге жакын милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу 4-июлда Ички иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, коомдук тартипти жана адамдардын коопсуздугун камсыздоо, укук тартибин бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу, өздүк курам арасында мыйзам бузууга жол бербөө максатында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт. 8 миң милиционерден тышкары жол кыймылынын коопсуздугун...
Society
14:49, -ж., 1-июль
30-июнда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаадагы жаштар жана жаш активисттер менен жолугушту. Жолугушууда мэр Ош шаарынын келечектүү багыттарын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Ал эми жаштар мэриянын колдоосу менен жаштар арасында интеллектуалдык таймаштарды кайрадан баштоо демилгесин айтышты. Бул демилгени Алмаз Мамбетов колдоого алды. Ошондой эле Ош шаарынын мэринин атынан студенттерге стипендия уюштуруу маселеси көтөрүлдү. Бул бою...
Society
14:47, -ж., 1-июль
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов “Манас-Ата” кафеси боюнча тиешелүү кызматтардын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрдү. Бул коомдук тамактануу жайы тиешелүү документтери жок иштеп жаткан. Ага ылайык жыйындан соң кафе убактылуу жабылды. “1-июлдан баштап шаардагы бардык кафе-ресторандарда, май куюучу жайларда тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү зарыл”, - деп баса белгилеп, тапшырмаларды берди А.Мамбетов.
Health
14:44, -ж., 1-июль
Коронавирус жуктурган жарандар көбөйгөнүнө байланыштуу Ташкенттин 12 районунда COVID-19га адистешкен атайын бейтапканалар иштей баштады. Бул тууралуу 29-июнда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. «Күнү-түнү иштей турган бул мекемелердин негизги милдети – бейтаптардан вирусту болушунча эртерээк аныктап, өз учурунда диагноз коюп дарылоо», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө. Маалыматка караганда, атайын бейтапканаларда коронавирусту аныктоо үчү...
Society
14:40, -ж., 1-июль
Облустук ички иштер башкармалыгы 29-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде 18 адам катышкан жапырт мушташка себепкер болгон 34 жаштагы М.Э. райондук соттун чечими 20-июлга чейин камакка алынганын кабарлады. Маалым болгондой, көл жээгиндеги "Радуга" пансионатынын пляжындагы жапырт мушташ боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (“Ээн баштык”) негизинде кылмыш иши козголгон. “Алг...
Society
14:37, -ж., 1-июль
"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 2-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 30…35; Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 29…34; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30; Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30; Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16...
Society
14:35, -ж., 1-июль
Президент Садыр Жапаров кумарканаларды чет өлкөлүктөр үчүн ачууга уруксат берген мыйзамдарга кол койду. 30-июнда мамлекет башчынын сайтына жарыяланган маалыматка караганда, кол коюлган эки мыйзам расмий түрдө «Кыргыз Республикасындагы оюн иши жөнүндө» жана «Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деп аталат. Түшүндүрмөдө мыйзам инвестицияларды тартуу аркылуу мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү үч...
Society
14:32, -ж., 1-июль
Жалал-Абад шаарындагы "Тажы-Махал" тез татым жайынын шаурмасын жегенден кийин өзүн начар сезгендер 30-июнда ооруканага кайрылган. 1-июлда уулангандардын саны 13кө жеткенин облустук биргелешкен оорукананын башкы дарыгери Кумар Ботокараев билдирди, деп жазат "Азаттык" радиосу. Анын айтымында, ооруканага кайрылгандардын сегизи амбулатордук жардам алган, бешөө ооруканага жаткырылды. Бейтаптардын абалы туруктуу. Тамактануу жайынын ээси комментарий бере элек. 28...
Society
14:29, -ж., 1-июль
Ош шаардык милициясы 1-июлда Ош-Араван каналынан дагы бир жарандын сөөгү табылганын билдирди, деп жазат "Азаттык" радиосу . Шаардык ички иштер башкармалыгы маркум Кадамжай районунун 1995-жылы туулган тургуну А. уулу Б. экенин кабарлады. “Маркум акыркы жолу мындан бир күн мурда Ак-Буура дарыясынын жээгинен жансыз денеси табылган Ш. к А. аттуу кыз менен бирге жүргөн", - деп айтылат милициянын маалыматында. 30-июнда Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгинен...
Society
14:21, -ж., 1-июль
Орусия армиясынын Одесса облусунунун түштүгүндө карапайым тургундар жашаган үйгө жана эс алуу базасына урган соккусунан кеминде 17 киши набыт болду. Бул тууралуу украин бийлиги билдирип, дагы ондогон адам жараат алганын кабарлады. Маалыматка караганда, куткаруучулар жети кишини урандылардын алдынан аман алып чыгышты. «1-июлда түнкү саат бирлерде Белгород-Днестр районунда ракеталык аткылоодон улам карапайым тургундар жашаган тогуз кабаттуу үй жарым-жартылай...
Society
14:35, -ж., 30-июнь
Ош шаарынын алыскы кичи райондорунун бири “Керме-Тоо” МАБынын 218-кварталынын жашоочуларынын маселелерин чечүү максатында, мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен бүгүн биринчи вице-мэр Марс Исаев тиешелүү кызматтардын жана мекемелердин жетекчилери менен биргеликте тургундардын көйгөйлөрү менен жеринде таанышты. Буга чейин тургундар мэрдин жеке кабыл алуусунда болуп, проблемаларын айтышкан. Жолугушууда ичүүчү сууну сугат үчүн пайдаланып жаткан жашоочуларды...
Society
14:32, -ж., 30-июнь
29-июнда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын жаңы епискобу Савватий Бронницкийди кабыл алды. Алмаз Мамбетов епископту кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстандын көп улуттуу элинин арасында конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоого дин кызматкерлеринин кошкон маанилүү салымын белгиледи. Жолугушууда конфессиялар аралык жана этностор аралык мамилелерди жөнгө салуу, ошондой эле калктын тарыхый, маданий баалуулуктарын, салт...
Society
14:30, -ж., 30-июнь
Августтан тартып Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы көбөйөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Өкмөт башчы айлык канча пайызга жогорулай турганын тактаган жок. Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны 28 миңге чамалайт. Кыргызстанда бюджеттен каржыланган жалпы билим берүү тарма...
Society
14:28, -ж., 30-июнь
28-июнь күнү Ош шаарынын Курманжан-Датка кичи районундагы Ак-Буура дарыясынын боюнан белгисиз 20-25 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Ош шаардык милициясынан билдиришкендей, ал Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин 2-курсунун студенти Ш. к А. экенди такталган. Учурда маркумдун өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча атайын экспертиза дайындалган.
Society
14:25, -ж., 30-июнь
Жогорку Кеңештин бүгүн, 30-июндагы жыйынында президент Садыр Жапаров «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун колдоп, анын пайдасын депутаттарга түшүндүрүп берди. «Капиталды легалдаштырууга багытталган мыйзамды сындап, «Бийлик байларды, мурдагы ичкен-жеген чиновниктердин акчасын адалдаштырып берип жатат» деп айттыңар. Ооба, бизде 200дөн ашык бай бар, алардын арасында миллионерлер, миллиардерлер ба...
Society
14:22, -ж., 30-июнь
Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев жана Шайлообек Атазов "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторун реконструкциялоо үчүн түркиялык YDA деген компанияга берилип жатканын сындап чыгышты. Акаев бул маселе боюнча президентке жана атайын кызматка кайрылды. “Биз аэропортторубузду 39 жылга сырткы башкарууга берип жатабыз. Муну Акылбек Жапаров ушул жерде айтты. Бул абдан туура эмес. Анткени Дүйнөлүк банк менен келишим түзүп, ачык сынак өткөрүлмөк деген сө...
Society
14:19, -ж., 30-июнь
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйында сөз сүйлөп өлкөдөгү саясий, социалдык-экономикалык абал жөнүндө маалымат берди. Ал саясатчыларды негизсиз сын айтып, саясий упай топтобоого чакырды. “Демократия принциптерине жамынып алып, киреше булактарына ар кандай негизсиз сын-пикир айтып, саясий упай топтогоо аракет кылган саясатчыларыбыз дагы жок эмес. Демократия шартында атаандаш пикирлердин болушу зарыл. Дүйнө агымы өтө тездик менен өнүгүп...
Society
14:15, -ж., 30-июнь
Орусия президенти Владимир Путин Украинанын көпчүлүк бөлүгүн басып алуу планынан дагы эле баш тарта элек экенин 29-июнда АКШнын Улуттук чалгын кызматынын директору Эврил Хэйнс билдирди. Кошмо Штаттардын Соода министрлигинде өткөн конференцияда сүйлөп жатып ал "Биз Путинди карап, ал Украинага кол салган учурда кандай саясий максаттарды көздөгөн болсо, азыр деле ошондой абалда турганыбызды көрсөк болот” деген оюн айтты. Хэйнстин айтымында, америкалык чалгын...
Society
14:40, -ж., 29-июнь
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, “Манас-Ата” кафесинде болгон окуя боюнча тиешелүү кызматтарга, анын ичинде укук коргоо органдарына, санэпид кызматына тиешелүү тапшырмалар берилди. Бул кызматтар мыйзамдар чегинде бардык тиешелүү чараларды көрүшөт. Белгилей кетсек, 1-июлдан тарта Ош шаарынын санэпид кызматы пландалган иш-чараларга ылайык, чарба жүргүзүүчү субъектилерди, тактап айтканда коомдук тамактануу жайларын текшерүүнү баштайт.
Society
14:37, -ж., 29-июнь
28-июнда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев темир жолдун курулушу боюнча маалымат берди. Ал Торугарт – Макмал – Жалал-Абад каттамы боюнча жайгаша турган жолдун курулушунун алдын ала маршрутун белгилеп, долбоордун тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемеси ушул жылдын соңунд...
Society
14:32, -ж., 29-июнь
Ошто “коргоо жерлери” категориясына кирген 1 миллион сомдон ашык жер мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан 29-июнда билдирди. Маалыматка караганда тилкенин жеке тарапка өтүшүнө жооптуу катары Коргоо министрлигинин Ош турак-жай пайдалануу бөлүгүнүн жана мэриянын кызмат адамдары шектелип жатат. Бул факты боюнча жооптуу кызмат адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен...
Society
14:29, -ж., 29-июнь
Салык кызматы жарыялаган лотерея өнөктүгүнүн алкагында кардарлардан түшкөн арыз-даттануулардын негизинде ишкерликтин 212 субъектине административдик айыппул салынганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясы расмий жарыяланган 10-майдан бери 4739 даттануу арыздары түшкөнү, алардын көпчүлүгү текшерилип чыкканы маалымдалды. Арыздардын көбү сатуучу кассалык чек бербегенине, көзөмөл-кассалык аппаратынын (ККМ...
Society
14:27, -ж., 29-июнь
Бүгүн 29-июнда Өкмөт үйүнүн алдында Кыргызстанда казино ачууга каршы акция өтүүдө. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу кабарчысына шилтеме берүү менен жазып, акцияга онго чукул адам катышууда, деп кабарлады. Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.
Society
14:13, -ж., 29-июнь
Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбооруна добуш берүүдө талаш чыкты. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын бир нече депутаты каттоодон өтүп, бирок добуш берген жок. Регламентке ылайык, мындай учурда добуш берүү өттү деп саналбайт. Фракция депутаты Исхак Масалиев өз позициясын мыйзамдын кабыл алышына каршы экени менен түшүндүрдү. “Талкуу болуп жатканда өкмөттүн башчысы бул м...
Society
15:26, -ж., 28-июнь
27-июнда жаңы пилоттук долбоордун – “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасынын суу алуучу жайында ультрафильтрацияланган сууну тазалоо тутумун сыноодон өткөрүү презентацияланды. Ага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, пилоттук долбоордун алкагында 1 даана ультрафильтрациялык суу тазалоочу агрегат орноткон “CIC” ЖЧКсынын өкүлдөрү катышты. Вице-мэрдин айтымында, пилоттук долбоордун алкагында учурда саатына 4 м3 сууну тазалаган системанын бирөөсү орноту...
Sports
15:24, -ж., 28-июнь
28-июнда Ош шаарындагы эл аралык аэропортто грек-рим күрөшү боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону Жантөрө Мирзалиевди салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү. Салтанаттуу жыйынга шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, машыктыруучулар, спортчулар жана чемпиондун жакындары катышты. Жантөрө Мирзалиевди алтын медаль менен ата-энеси, жакындары, спортчулары жана машыктыруучулары куттукташты. Эске салсак, грек-рим күрөшү боюнча балбан Жа...
Society
15:22, -ж., 28-июнь
Алай районунун Сары-Могол айылында жакындары тарабынан сабалган 3 жаштагы бала боюнча окуяны милиция текшерип баштады. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Алдын ала маалыматтар боюнча 27-июнь күнү саат 09:00 чамасында Алай райондук бейтапканансына Сары-Могол айылынан жашы жетелек өспүрүм өз денесинен жараат алып түшкөнү боюнча билдирүү келип түшкөн. «6-март күнү Р. А аттуу жарандын бир тууган сиңдиси 22 жаш...
Society
15:20, -ж., 28-июнь
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Ал 21-26-июнь күндөрү Дүйшөмбү шаарында болгонун Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлуп, кийинки отурумду Кыргызстандын аймагында өткөрүү макулдашылды. Жумушчу топтордун акыркы жолугушуусу 25-30-майда Бишкекте өткөн. Кыргызстан...
Society
15:16, -ж., 28-июнь
Башкы прокуратура улуттук “Манас Ордо” комплексинде олуттуу каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди. Буга чейин бул жайда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ички аудиттик текшерүүсү жүргөн. Анын жыйынтыгында 2020-2021-жылдары республикалык бюджеттен, атайын эсептен кызматкерлерге материалдык жардам, үстөк акы, эмгек өргүү акысы, эмгек стажы, кызматкерлердин ден соолугуна келтирилген залал үчүн акча ашыкча төлөнүп берилгени...
Society
15:12, -ж., 28-июнь
Бишкекте поезд коюп кеткен 18 жаштагы бала ооруканада каза болду. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү кабарлады. Маалыматка ылайык, бала поезддин сигналын укпай койгон. Машинисттин поездди токтотууга кылган аракетинен майнап чыккан эмес. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бишкекте поезд тебелеп кеткен учурлар маал-маалы менен катталат. 2021-жылы декабрь айында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишине жакын же...
Society
15:08, -ж., 28-июнь
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Ош облустук сотунда жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады. Жыйында Базарбеков өспүрүмдөрдү зордуктоо иштери жакшы изилденбей, туура эмес чечимдер чыгып жаткан учурлар бар экенин айтты. “Өспүрүмдөр зордукталган иштер жакшы изилденбей, Жазык жана Жазык-процессуалдык мыйзамдарды бузуу менен туура эмес токтом чыгарган учурлар анык...
Society
15:17, -ж., 27-июнь
Ушул жылдын 20-июнь күнү Кара-Суу РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын тургуну, К аттуу жаран тополоң кылып жаткандыгы тууралуу маалымат билдиришкен. Окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгып, ызы-чуу жараткан жаран Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын тургуну 61 жаштагы К.О., аттуу жаран экендиги такталып, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында К.О., турак үйүндө 3 даана эч кандай документтери жок ок атуучу мер...
Society
15:11, -ж., 27-июнь
Ушул жылдын 27-июнь күнү айрым маалымат каражаттарында "Ноокат районунун аймагында 16 жаштагы кызды зордуктап бир кафенин жанына таштап кеткен" деген такталбаган маалымат таркап жатат. Бул боюнча Ош ОИИБдин басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет. Ушул жылдын 23-июнь күнү Ноокат районунун 39 жаштагы тургуну 16 жаштагы кызын бейтааныш жашы он сегизге толо элек өспүрүм зордуктаганы боюнча арыз жазган. Арыз Ноокат РИИБдин маалыматтардын электрондук журналы...
Society
15:09, -ж., 27-июнь
Чүйдүн Новопокровка айылынын дыйкандары сугат суунун жетишсиздигин айтып, 27-июнда өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акцияга чыкты. Пикетке катышкан ондон ашык адам суу убагында берилбесе, түшүм аз жыйналып, эмгектери талаага кетерин айтууда. “Азыр сугарып калбасак, эртең бизге суунун деле кереги жок. Айдаган жерибиз күйүп кетип, түшүм аз болуп калат. 100 пайыз түшүм ала турган жерден 30 же 20 пайыз эле жыйнап калышыбыз мүмкүн. Аны менен биз бала-чаканы бага...
Society
15:07, -ж., 27-июнь
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун иш планына ылайык, Бакыт үйүнүн айланасындагы жолду асфальттоо иштери башталды. Ош шаардык жолдор башкармалыгынан билдиргендей, атайын техниканын – жол фрезеринин жардамы менен эски асфальт алынып, учурда жаңы асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүрүп жатат. Ал үчүн 10го жакын адис жана 3 атайын техника тартылды. Жолдун жалпы узундугу 2000 м2.
Society
15:05, -ж., 27-июнь
Bloomberg кабарлаганына караганда, 27-июнга караган түнү Орусия чет өлкөлүк валюта боюнча карызын төлөй албай калды. Агенттик бул – 1918-жылдан берки биринчи дефолт экенин белгилейт. Москва дефолтко жеткиргенин танууда. Жекшембиде мамлекеттик облигациялар боюнча 100 миллиондой доллар төлөмдү кайтаруунун жеңилдетилген мөөнөтү соңуна чыккан. Bloomberg бул - дефолт болуп эсептелерин, бирок азырынча символикалык гана мааниге ээ экенин белгилейт. Маалыматка ыла...
Society
15:04, -ж., 27-июнь
Ооганстандагы жер титирөө 155 баланын өмүрүн алды, 255 жеткинчек жарадар болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык координация агенттиги жекшембиде билдирди. Өткөн жумада Пактика жана Хост провинцияларында күчү 6 баллга жеткен зилзала жер көчкүгө алып келип, көптөгөн турак үйлөр кыйрап калган. “Талибан” өкмөтү бардыгы болуп, 1150 жергиликтүү тургун каза тапканын, жүздөгөнү жараат алганын билдирди. БУУ курмандыктардын санын 770 киши деп көрс...
Society
15:02, -ж., 27-июнь
Иран "Зулжана" деген космостук ракета ташуучусун экинчи жолу сынады. Мамлекеттик телеканал 26-июнда ракета учурулуп жаткан кадрларды көргөздү. Ислам жумуриятынын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Ахмад Хосейни 25,5 метрлик ракета Жердин орбитасынан маалымат чогултууга кудуреттүү экенин жана бул – өлкөнүн космос тармагын өнүктүрүүгө салым кошорун билдирди. Ракета качан учурулганы белгисиз. Айдын башында Хосейни буга чейинкиге кошумча дагы эки сыноо жү...
Society
15:00, -ж., 27-июнь
Кыргызстанда быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку балл топтоп, алтын сертификат алды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, эң көп баллды Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү алды – 235 балл. 235тен 221ге чейин упай топтогондор Бишкекте 35, Ош облусунда жети, Ысык-Көлдө беш, Чүйдө төрт, Баткенде үч, Нарында эки жана Жалал-Абад облусунда бир окуучу. Бишкектен башка аймактардын эч биринде алтын сертиф...
Sports
12:18, -ж., 25-июнь
Ош шаарындагы эл аралык аэропортто эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси Билол Шарип уулун жана анын машыктыруучусун шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алды. Белгилей кетсек, Ош шаарынын эркин күрөшчүсү Билол Шарип уулу 17 жашка чейинки жаштар арасындагы Азия чемпионатында 60 килограммга чейинки салмак ченинде алтын медаль тагынган. Финалга чыгуу жолунда Япония, Казакстандын спортчуларын жеңип, финалд...
Sports
12:16, -ж., 25-июнь
“Алай” футбол клубунун президенти, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ташкентке болгон расмий иш сапарынын алкагында футбол боюнча “Мэрдин кубогу-2022” эл аралык мелдешинде жеңишке жетишкен “Бунёдкор” футболдук клубунун стадионуна барды. Анда 33 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган стадиондун музейи жана инфраструктурасы менен таанышуу болду. Ошондой эле стадиондун жетекчиси жана команданын өкүлдөрү менен “Алай” жана “Бунёдкор” футболдук клубдарынын өз ара арак...
Society
12:15, -ж., 25-июнь
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов баштаган делегациянын расмий иш сапарынын алкагында шаардык “Ошсвет”, “Ош-Тазалык”, “Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” ишканаларынын, муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын жетекчилери Ташкент шаарынын адистештирилген коммуналдык ишканаларында: “Тошшахарнур”, “Тошшахартрансхизмат” ишканаларында, Өзбекстандын жашылдандыруу тармагындагы эң ири ишканасы “Flowers garden” жана "Максустранс" мамлекеттик...
Society
12:13, -ж., 25-июнь
Ошто 24-июнда Баткен, Жалал-Абаддан келген 11 жаран «Ихсан» кооперативине нааразычылыгын билдирип чыгышты. 23-июнда аларды мекеменин жетекчиси жолугушууга чакырып, бирок өзү келген эмес. Аймактардан чогулгандар 100 миңдеген акчаларын берип үй ала албай же акчасын кайтара албай калганын айтып даттанышууда. Жетекчи жолугушууга чыкпагандыктан жаш балдары менен аймактардан келгендер «Ихсандын» намаз окуучу бөлмөсүндө түнөшкөн. Алар берген каражаттарын төлөмөй...
Society
12:11, -ж., 25-июнь
Ошто куткаруучулар өз жанын кыюуга аракет кылган кызды куткарып калышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 24-июнда Сулайман-Тоодо болгон. Куткаруу кызматынын байланыш номерине тоодон боюн таштоого аракет кылган кыз бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМ билдиргендей, төрт куткаруучу тартылып, алар кызды альпинисттик куткаруучу шаймандардын жардамы менен аман сактап калышты. Кыз 27 жашта жана ал Төлөйкөн ай...
Society
12:09, -ж., 25-июнь
Бишкекте көчөдө кыз уурдалганы тууралуу маалымат текшерилип жатканын 25-июнда “Азаттык” радиосу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазды. Мекеменин маалыматына караганда, факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү жүрүп жатат. Бишкектин жана Чүйдүн милициясына ыктымал кылмышкерлер тууралуу маалымат берилди. 24-июнга караган түнү Эркиндик бульвары менен Жибек Жолу көчөсүнүн кесилишинде кыз уурдалга...
Society
14:14, -ж., 24-июнь
Бүгүн, 23-июнда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун Ташкент шаарына болгон расмий иш сапарынын алкагында Ташкент шаарынын акими Жахонгир Артикходжаев менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде социалдык-экономикалык кызматташтык, шаар куруу жана турак жай-коммуналдык чарба тармагында тажрыйба алмашууну талкуулашты. Алмаз Мамбетов жылуу маанайдагы кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу байла...
Society
14:12, -ж., 24-июнь
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун Ташкент шаарына болгон расмий иш сапарынын алкагында бир катар социалдык маанидеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишмердүүлүгү менен таанышуу болду. Делегация Ташкент шаарындагы тышкы жарыктандыруу системаларынын ишин көзөмөлдөгөн “Тошшахарнур” мамлекеттик унитардык ишканасына барды. Анын алкагында көчөлөрдү жарыктандыруу системаларын борборлоштурулган көзөмөлдөө жана электрондук мониторинг системасы менен таан...
Society
14:11, -ж., 24-июнь
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 23-июнда Нур-Султан шаарында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кабыл алды. Маалыматты Акаевдин тарапташы, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков "Азаттыкка" бышыктады. Анын айтымында Кыргызстандын мурдагы президенти Алматы шаарында үч күн болгон жана андан ары Нур-Султанга кеткен. Акордо бул жолугушуу тууралуу расмий маалымат тараткан жок. Айрым маалымат агенттиктери Токаевдин Акаев жана анын жубайы мене...
Society
14:09, -ж., 24-июнь
Кыргызстанга Өзбекстандан ташылган дарбыздын сапаты текшерилип, көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Ызабеков билдирди. Анын айтымында, бул иштерди "Достук" өткөрмө бекетинде Ветеринардык жана фитосанитардык кызмат аткара баштады. "Дыйкандар өздөрү өндүргөн дарбыздын баасы арзандап кеткенине нааразы. Алар быйыл солярка жана башка...
Society
14:06, -ж., 24-июнь
Кыргызстан Түркияга Көчмөндөр оюнунун ууюштурууга жардам берүү ниетин билдиди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-июнда Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушууда билдирди. Анда эки тараптуу алака-катышты өнүктүрүү, кызматташуу маселелери талкууланды. "Садыр Жапаров күзүндө Түркиянын Изник шаарында кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн эске салып, Кыргызстан ага катышууга ниеттенип жетканын белгилеп, кыргыз тарап...
Society
14:04, -ж., 24-июнь
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында уран мурастарынын музейи ачылды. Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандагы кеңсесинен билдиришти. "Майлуу-Суу шаарынын тарыхы жана Кыргызстандын уран мурасы" музейи ЕККУ, БУУнун Өнүктүрүү программасы, Майлуу-Суу шаардык мэриясы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта түзүлгөн. Музейдин ачылышына еврокомиссиянын Эл аралык өнөктөштүк боюн...
Society
14:01, -ж., 24-июнь
"Айыл банктын" жамааты аталган банктын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүнө байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Анда Асанбаев иш жолун ушул банкта баштап, төраганын орун басары кызматына чейин өз мээнети менен жеткени, кесиптештеринин эсинде мыкты адис, жетекчи катары калганы айтылган. "Банктын иши үчүн күйүп-бышкан, ачуу чындыкты беттеген Бакыт Асанбаев менен 20 жылдан ашуун убакыт эриш-аркак иштеп келген биз үчүн...
Society
13:59, -ж., 24-июнь
Ош облусунун Кара-Суу районунда HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып, алты кишини басып калды. Кырсыктын кесепетинен эки аял, үч кичинекей кыз жана бир ымыркай каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Кырсык Нариман Жаңы-Маала айылынын Касымбеков көчөсүндө болгон. Жеринде ӨКМнын куткаруучулары, милиция иштеп жатат. Каза тапкандардын тек-жайы такталууда.
Society
16:03, -ж., 23-июнь
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов тарабынан бекитилген 2022-жылдын иш-планына ылайык шаардык төрөт үйүнүн айланасына асфальт басылып, төрөтканага келгендер үчүн шарт түзүлүүдө. Имаратка кирүүчү жол жана төрөт үйүнүн ички жолдоруна асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Аны менен катар 270 метр узундукта жөө адамдар үчүн тротуар курулуп, лотоктор да орнотулууда.
Society
16:02, -ж., 23-июнь
Бүгүн, 22-июнда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев жана бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен “Sitronics Group” компаниясынын (Москва) өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда социалдык жактан маанилүү жана зарыл чөйрөлөрдү (медициналык, билим берүү, транспорт, коопсуздук маселелери) санариптештирүү боюнча Ош шаарында “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды. Россиялык инвесторлор тарабынан а...
Society
16:00, -ж., 23-июнь
Бүгүн, 23-июнда Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата иш-чара өттү. Бул тармактын өкүлдөрүн Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов куттуктады. Иш-чарада мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин аткарган жумушунун маанилүүлүгү белгиленип, бир катар кызматкерлер Ардак грамоталар менен сыйланышты. Ошондой эле концерттик программа тартууланды. Эске...
Society
15:58, -ж., 23-июнь
Ош шаарынын көчөлөрүнө тротуар куруу үчүн республикалык бюджеттен 149 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу «Т-Медиага» басылмасы Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовго шилтеме берүү менен жазды. Анын айтымында, аталган каражатка шаардагы 38 көчөгө тротуарлар курулат. Учурда 8 көчөнүн тротуары бүтүп жатат. «Азыр бизге биринчи 50 млн сом которулду. Шаарда тротуар куруу иштери жүрүп жатат. Негизги басымды такыр тротуар жок көчөлөргө жасап жатабыз. Кээ бир жерлерде та...
Society
15:55, -ж., 23-июнь
Бишкектин четиндеги кампалардын биринде 22-июнда ири өрт катталып, анда сакталып турган Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) дары-дармек, медициналык каражаттары дагы күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Аламүдүн районундагы Пригородный айылынын Садовая көчөсүндөгү кампадан өрт чыккан. Отту өчүрүүгө министрликтен жети бөлүм тартылган. Кампада күнүмдүк колдонулуучу антисептик, косметика жана дары-дармекте...
Society
15:51, -ж., 23-июнь
"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 24-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33, Талас облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29, Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 17...22, күндүз 29...34, Ысык-Көл жер...
Society
15:48, -ж., 23-июнь
Орусиянын күчтөрү Украинанын Северодонецк жана Лисичанск шаарларын толук багынта албай, аларды курчоого алуу аракеттерин улантты. Орус армиясы жанаша турган эки шаардан кийинки айылдарды басып алып, мындагы украин жоокерлердин борбор менен байланышын үзүүнү көздөп жатат. Алар соңку суткада шаарлардын жакасындагы Лоскутовка жана Рай-Александровка конуштарын ээлешти. Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай орус аскерлери ушул тапта Волчеяровка, Лоскутовк...
Society
15:42, -ж., 23-июнь
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) төрагасынын мурдагы орун басары, Мамлекеттик чек ара кызматынын экс-башчысы Дархан Дильманов жана чек ара мекемесинин бир катар мурдагы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКК билдирди. Алар казак-кытай чек арасы пункттарындагы коррупциялык аракеттер жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш иштеринде шектүү катары өтүп жатышат. Дархан Дильманов кызматтан быйыл апрелде бошоту...
Society
17:32, -ж., 22-июнь
Бүгүн, 22-июнда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында май ташуучу автоунаа өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Окуя таң эрте саат 6:00 чамасында болгон. Таш-Көмүр шаарынын Бишкек — Ош автоунаа жолунда күйүүчү май ташуучу ак түстөгү унаа өрттөнгөн. Анын айдоочусу ичинде күйүп каза болду. Унаанын жарылуу себеби такталып жатат.
Society
17:29, -ж., 22-июнь
Жогорку Кеңештин имаратынын алдына кумарканалардын кайра ачылышына каршы болгон жарандар акцияга чыкты. Топтолгон 20 чакты адам депутаттардан мыйзам долбоорун кабыл албоону талап кылып жатат. Азырынча аларга парламенттин өкүлдөрү чыгып жолуга элек. Парламенттин тармактык комитети 20-июнда кумарканаларды кайра ачуу мыйзам долбоорун жабык карап, дароо экинчи жана үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алган. Депутат Дастан Бекешов Твиттердеги баракчасына “...
Society
17:26, -ж., 22-июнь
Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында кумарканаларды кайра ачуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 20-июнда бул мыйзам долбоорду жабык карап, экинчи жана үчүнчү окууда дароо карап, көпчүлүк добуш менен кабыл алган. Депутат Дастан Бекешев казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдирди. “Эгер казино ачууга уруксат берчү болсок, анда баңги затты да мыйзамдаштырал...
Society
17:24, -ж., 22-июнь
Кыргыз өкмөтү газ, мунай жана мунай продуктуларын ташуу боюнча улуттук оператор катары "Кыргызнефтегаз" ишканасын түздү. Бул тууралуу токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-июнда кол койгон. Жаңы түзүлгөн мекеме Энергетика министрлигине караштуу болуп, ага жаратылыш газын жана суюлтулган газды ташуу, сактоо, кайра иштетүү, мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды сатуу боюнча улуттук оператордун укуктары берилет...
Society
17:19, -ж., 22-июнь
Кыргызстанга ташылып келинген кант жана чийки кант камышынан быйылкы жылдын 31-октябрына чейин бажы төлөмү алынбай турган болду. Мындай чечим 21-июнда Беларустун борбору Минск шаарында өтүп жаткан Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин (ЕЭК Кеңеши) кезексиз жыйынында кабыл алынды. 20-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Беларус баш калаасы Минскиге барган. Кеңештин эки күндүк жы...