• Башкы бет
  • 24.kg маалымат агенттигине сот кылмыш ишин ачыктоого тыюу салды
15:01, -ж., 28-февраль

24.kg маалымат агенттигине сот кылмыш ишин ачыктоого тыюу салды

24.kg маалымат агенттигине сот кылмыш ишин ачыктоого тыюу салды

Бишкек шаар соту 24.kg маалымат агенттигинин кылмыш иши боюнча маалыматтарды ачык жарыялоого тыюу салган тергөөчүнүн аракетин жокко чыгаруу боюнча апелляциялык доо арызын карады. Басылмадан билдиришкендей, шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Соттун чечими эмнеге негизделгени азырынча белгисиз.

Жактоочу Нурбек Сыдыковдун сөзунө крааганда, 24.kg агенттигинин жетекчилиги тергөөчүнүн басылмага карата козголгон кылмыш иши тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тууралуу кол койдурганы мыйзамсыз деп эсептешет.

15-январда УКМКнын кызматкерлери 24.kg маалыматтык агенттигинин Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникаларын алып, кеңсесине мөөр басып кетишкен. Атайын кызматтагылар алгач эч кимди киргизбей, кийин басылманын жетекчилери менен алардын адвокаттарынын бир бөлүгүн ичкери алып киришкен. Андан соң башкы директору Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязованы алып кетип суракка алышкан.  

Андан кийин атайын кызмат 24.kg агенттигине Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (Согушту пропагандалоо") боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Жүргүзүлгөн тинтүүдө компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынган. Буга чейин Асел Оторбаева УКМКга кайрылган. Атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#24.kg маалымат агенттиги

Комментарийлер

live comments feed...