• Башкы бет
  • Сокулукта автоунаа чыгаруучу ишкананын курулушу башталды
14:02, -ж., 29-февраль

Сокулукта автоунаа чыгаруучу ишкананын курулушу башталды

Сокулукта автоунаа чыгаруучу ишкананын курулушу башталды

Чүй облусунун Сокулук районунда автоунаа чыгаруучу жана сатыкка алып чыгуу боюнча ишкананын курулушу башталды. Долбоордун негизги ишмердүүлүгү электромобилдерди, коммерциялык, жеңил автоунааларды, атайын техниканы чогултууга, ошондой эле транспорт каражаттарын жана тиешелүү продукцияларды эл аралык сатыкка алып чыгууга багытталган.

Ишкананы куруу жана ишке киргизүү China Hubei Zhuoyue Group кытай компаниясы менен биргеликте ишке ашырылат. Биринчи этаптагы инвестициялык көлөмү 115 миллион АКШ долларын түзөт. Жылына 80 миңден ашуун автоунаа чыгарууга ылайыкталат.

Автоунааларды чыгаруу ишканасы үстүбүздөгү жылдын август айында ачылары күтүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Сокулук-машина завод

Комментарийлер

live comments feed...