• Башкы бет
  • Жеңиш Жоробеков ЖКККББнын башчысы болуп дайындалды
13:59, -ж., 29-февраль

Жеңиш Жоробеков ЖКККББнын башчысы болуп дайындалды

Жеңиш Жоробеков ЖКККББнын башчысы болуп дайындалды

Жеңишбек Жоробеков Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Жеңишбек Жоробеков буга чейин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Ички иштер министрлигинин буйругу менен Ош ОИИБнин башчысынын милдеттерин убактылуу аткаруу милициянын полковниги Нурланбек Буркановго жүктөлдү.

29-февралда Азамат Исраилов Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчылыгынан кетти. Ал бул кызматта 2019-жылдан бери иштеп келген.

Жеңишбек Жоробеков ИИМдин Бишкектеги жогорку милиция мектебин аяктаган. Түркиянын полиция академиясынан билим алган. 1996-жылдан 2008-жылга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында бир катар кызматтарда иштеген.

Чүй, Жалал-Абад облустарында райондук милициянын башчысы, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси, ИИМдин Экстремизге жана мыйзамсыз миграцияга каршы иштөө боюнча кызматынын жетекчиси, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жеңиш Жоробеков

Комментарийлер

live comments feed...