• Башкы бет
  • Ош шаарынын быйылкы бюджети 2 млрд 884 млн 956 миң сом болору пландалууда
13:52, -ж., 29-февраль

Ош шаарынын быйылкы бюджети 2 млрд 884 млн 956 миң сом болору пландалууда

Ош шаарынын быйылкы бюджети 2 млрд 884 млн 956 миң сом болору пландалууда

Ош шаарынын бюджети быйыл 2 млрд 884 млн 956 миң сомду түзөрү болжолдонууда. Бул тууралуу калаа бийлиги 27-феваралда өткөргөн коомдук угууда белгилүү болду. Ага ылайык, каражаттын басымдуу бөлүгү турак-жай жана коммуналдык кызматтарына, экономикалык маселелерге жана билим берүүгө бөлүнүп жатат. Шаардык бюджеттен субсидия катары:

Ош шаардык автоунаа ишканасына - 50 млн сом;

Муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасына - 24 млн сом;

"Ош шамы" гезитине - 3 млн сом;

"Алай" футболдук клубуна жана Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадионго - 35 млн сом;

"Ош-Тазалыкка"- 70 млн сом;

Жылуулук камсыздоо башкармалыгына -  50 млн сом;

"ОшТВ" телеканалына - 2 млн сом берилет.

2023-жылдын бюджети быйылкы жылдан 375 млн сомго аз бектилиген. Ош шаарынын пландык бюджети 2025-жылга 3 млрд 8 млн сомду, 2026-жылы 3 млрд  155 млн сомду түзөрү күтүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...