• Башкы бет
  • Бишкек шаардык кеңеши убактылуу тыныгууга чыкты
13:49, -ж., 29-февраль

Бишкек шаардык кеңеши убактылуу тыныгууга чыкты

Бишкек шаардык кеңеши убактылуу тыныгууга чыкты

Мындай чечим борбордун кеңейиши жана президент Садыр Жапаровдун жарлыгына байланыштуу кабыл алынганын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев 29-февралдагы жыйында билдирди.

Тыныгуу жарыялоо сунушун жыйындын алдында Куванычбек Конгантиев берди. Ал административдик-аймактык реформага байланыштуу шаардык кеңеш 235 депутатка чейин көбөйтүлөрүн айтты. 

"Ошондуктан президиумдун мүчөлөрү менен мурда талкуулагандай уюштуруу маселелерин чечүү жана сессияны толук кандуу өткөрүү үчүн тыныгууну сунуш кылам ".

Жыйынга катышкан Бишкек шаарынын мэр Айбек Жунушалиев токтом толук аткарылууга тийиш экенин белгиледи. Мэрия жооптуу орган катары бүгүн саат 14:00дө 235 депутаттын катышуусунда жыйын уюштурууга даяр экенин кошумчалады.

28-декабрда президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Бишкек шаарына 30дан ашуун калктуу аймак кошулат. Алардын жеринин аянты 25 миң чарчы гектарга барабар. Бул Бишкектин азыркы аянтынан дээрлик үч эсеге көп.

Ошондой эле "Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыкка ылайык, Ош облусундагы 88 айыл аймактын саны 58ге кыскарып жатат. Ошондо жалпы 30 айыл аймак бириктирилет. 

Буга чейин республика  боюнча жалпысынан 484 жергиликтүү кеңеш (32 шаардык жана 452 айылдык кеңеш) болгон. Ал эми административдик-аймактык реформанын алкагында 268 жергиликтүү кеңеш (33 шаардык жана 235 айылдык кеңеш) болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бишкек шаардык кеңеши

Комментарийлер

live comments feed...