• Башкы бет
  • Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгып кеткени белгилүү болду
13:55, -ж., 29-февраль

Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгып кеткени белгилүү болду

Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгып кеткени белгилүү болду

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы депутаттар Айбек Осмонов менен Шайлообек Атазов акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгып кеткенин 28-февралда кабарлады. Маалыматка караганда, Осмонов үй-бүлөлүк шартына байланыштуу арыз жазган. Ал эми Атазов ден соолугунан улам эс алуу суранган. 

Жергиликтүү басылмалар аталган депутаттар Райымбек Матраимовго байланышкан иштен улам чет өлкөгө чыгып кетишкенин жеке булактарына таянып жазышууда. 

Буга чейин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген парламент депутаттары Нурлан Ражабалиев, Абдыбахаб Боронбаев жана бир тууган агасы Искендер Матраимов мандатын тапшырган. Борбордук шайлоо комиссиясы аларды мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратууга өздөрү арыз бергенин маалымдаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жогорку Кеңештин депутаттары

Комментарийлер

live comments feed...