• Башкы бет
  • Өлкөдө айдоочуларга салынган айып пулдардын кошумча туумдары алып салынды
14:04, -ж., 29-февраль

Өлкөдө айдоочуларга салынган айып пулдардын кошумча туумдары алып салынды

Өлкөдө айдоочуларга салынган айып пулдардын кошумча туумдары алып салынды

Кыргызстанда  28-февралдан баштап жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулдардын кошумча тууму алынып салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Туумду алып салуу "Кыргыз Республикасынын Укук бузуу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына ылайык жокко чыгарылган. 

2019-жылдан бери айып пулду убагында төлөбөсө туум кошула турган болгон. Мөөнөтү өтөн ар бир күн үчүн 1% туум кошулчу. Пеняны кошуп эсептөө мөөнөтү да өтүп кетсе, салынган айып пулдун суммасынан 100 пайыз эсебинде кошуп эсептелип келген. Эми айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн негизги салынган айып пулду гана төлөйт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Айдоочу-жол эрежеси

Комментарийлер

live comments feed...