• Башкы бет
  • Камчыбек Ташиев FIFAнын өкүлдөрү менен жолукту
14:00, -ж., 20-февраль

Камчыбек Ташиев FIFAнын өкүлдөрү менен жолукту

Камчыбек Ташиев FIFAнын өкүлдөрү менен жолукту

Кыргыз футбол союзунун жаңы шайланган президенти Камчыбек Ташиев менен анын биринчи вице-президенти Нурдин Букуев Эл аралык футбол ассоциациясынын (FIFA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу союздун басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 19-февралда өткөн союздун президентин шайлоого ФИФАнын аймактык ассоциацияларды өнүктүрүү боюнча менеджери Андрей Вашкевич менен башкаруу кызматынын улук менеджери Ахмед Харраз байкоочу катары келишкен.

ФИФАнын өкүлдөрү Ташиев менен Букуевди жаңы кызмат орундары менен куттукташкан.

Тараптар өлкөдөгү футболду өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан. Соңунда президент менен биринчи вице-президент ФИФАга ыраазычылык билдирген.

Айта кетсек, кечээ, 19-февралда Кыргыз футбол союзунда кезексиз жыйын өтүп, анда союздун президенттигине Камчыбек Ташиев, биринчи вице-президенттигине Нурдин Букуев, андан тышкары вице-президенттер, Аткаруу комитетинин мүчөлөрү шайланган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Камчыбек Ташиев

Комментарийлер

live comments feed...