14:29, -ж., 27-февраль

Айрым облустарда кар жаайт

Айрым облустарда кар жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, 28-февралда Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3,

Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3,

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…+5,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…+2.

Ал эми, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз 0…+2 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...