• Башкы бет
  • Эртең Ош менен Баткен обулсунун айрым жерлеринде кар жаайт
15:39, -ж., 28-февраль

Эртең Ош менен Баткен обулсунун айрым жерлеринде кар жаайт

Эртең Ош менен Баткен обулсунун айрым жерлеринде кар жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, 29-февралда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4,

Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз +2…+4 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...