• Башкы бет
  • Улуттук банк эсептик ченди өзгөрткөн жок
14:31, -ж., 27-февраль

Улуттук банк эсептик ченди өзгөрткөн жок

Улуттук банк эсептик ченди өзгөрткөн жок

Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу Улуттук банкттын Коммуникация жана эл аралык байланыштар башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов маалымдады.

Кыргызстанда февраль айында инфляциянын жылдык көрсөткүчү 2023-жылдын декабрындагы 7,3 пайыз деңгээлинен 5 пайызга чейин төмөндөгөн.

Инфляциянын түптөлүшүнүн негизги факторлору — ички суроо-талаптын жогорку деңгээлде сакталып турушу, ошондой эле тарифтик саясатты, көбүнчө коомдук транспорт кызмат көрсөтүүлөрүнө кайра карап чыгуу таасир эткен.

2024 жылдын январь айында ички дүң продукциясынын реалдуу өсүшү 7,4 пайызды түзгөн, буга өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлорундагы өсүш салым кошкон.

«Банк сектору негизги көрсөткүчтөрдүн туруктуулугун сактап турат жана өсүш арымын көрсөтүүдө. Калктын каражат топтоо аракетинин күчөшүнөн улам коммерциялык банктардын ресурстук базасы өсүп жатат. Банктар аралык акча рыногу жана ички валюта рыногу туруктуу бойдон калууда. Кыска мөөнөткө каралган келечекте өлкөдө инфляция көрсөткүчү инфляция боюнча орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчтүн чегинде 5-7 пайыз түптөлүшү күтүлүүдө» , — деп айтылат Улуттук банктын маалыматында.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Улуттук банк

Комментарийлер

live comments feed...