• Башкы бет
  • Марафон боюнча дүйнөлүк рекордчу Келвин Киптум каза болду
17:03, -ж., 12-февраль

Марафон боюнча дүйнөлүк рекордчу Келвин Киптум каза болду

Марафон боюнча дүйнөлүк рекордчу Келвин Киптум каза болду

Марафон боюнча дүйнөлүк рекордчу, жөө күлүк Келвин Киптум 24 жашында жол кырсыгынан көз жумду. Бул кабарды Кениянын экс-премьер-министри Раила Одинга «Х (Твиттер)» баракчасына жазды.

Жол кырсыгы кечээ, 11-февралда Кениянын батышындагы тоолуу аймакта, жөө күлүктөр машыгуучу базага жакын жерде болгон.

Келвин Киптум 14-апрелде Нидерландиянын Роттердам шаарында өтө турган марафондо мурдагы рекордун жаңылоого даярданып жаткан.

Жергиликтүү полициянын берген маалыматына караганда, Келвин машыктыруучусу Жерве Хакизимана менен бирге базага келе жатып, рулга ээ боло албай калган. Ал айдаган Toyota Premio унаасы жолдон чыгып, даракты сүзүп, анан арыкка кирип кеткен. Кырсыктан жөө күлүк да, машыктыруучусу да көз жумган.

Кениялык жөө күлүк АКШнын Чикаго шаарында өткөн марафондо 2 саат 35 мүнөттө келип, жердеши Элиуд Кипчогенин рекордун жаңылаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Келвин Киптум

Комментарийлер

live comments feed...