• Башкы бет
  • Олимпиадага даярданып жаткан кыз-келиндерге витамин, дары-дармектер жетишсиз
14:40, -ж., 21-февраль

Олимпиадага даярданып жаткан кыз-келиндерге витамин, дары-дармектер жетишсиз

Олимпиадага даярданып жаткан кыз-келиндерге витамин, дары-дармектер жетишсиз

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров кыз-келиндер күрөшү залына барышты.

Аларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча департаменти чакырган. Сапардын алкагында олимпиадага даярдык менен таанышып чыгышып, көйгөйлөр, аны чечүү жолдору талкууланган.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча департаменттин директору Мелис Тобокелов менен улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков спортчуларга витамин, дары-дармек сатып алуу кечеңдеп жатканын маалымдашкан.

Алардын айтымында, каржылоо өз деңгээлинде каралганы менен керектүү дары-дармекти сатып алуу боюнча тендер арыздар түшпөгөндүктөн өтпөй калган.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев витамин, дары-дармек сатып алууну каржылоону Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзбөй турганын айтып, «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына дары-дармекти түз сатып алууга мүмкүндүк бере турган Министрлер кабинетинин буйругун даярдоону сунуштаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Олимпиада-кыз-келиндер

Комментарийлер

live comments feed...