• Башкы бет
  • Футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын рейтинги төмөндөдү
14:03, -ж., 16-февраль

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын рейтинги төмөндөдү

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын рейтинги төмөндөдү

Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) кезектеги рейтинги жаңыртылып, анда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 98-орундан 104-орунга түшүп кетти. 

"Ак шумкарлар" мыктылардын катарында 2018-жылдан бери турган. 15-февралда жарыяланган рейтингдин сап башында Аргентина, Франция жана Англия турат. Дүйнөдөгү мыкты делген 100 команданын тизмесине коңшу Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрү да кирген.

Ал эми Азия боюнча Кыргызстандын курама командасы алты позицияга төмөндөп, 18-орунду ээледи. Алдыңкы үчтүккө Япония, Иран жана Түштүк Корея кирген. Азия кубогун утуп алган Катардын курама командасы FIFAнын кийинки жаңыртылган тизмесинде алдыга чыгары анык. 

Улуттук кураманын дүйнөлүк рейтингде ээлеген ордунан төмөн түшүшүнө Азия кубогундагы оюну себеп болду. Анда Ак шумкарлар" F тайпасында Оман, Тайланд, Сауд Арабия менен ойногон. Тайланд менен Сауд Арабияга 0:2 эсеби менен жеңилген. Ал эми Оман командасы менен беттеште тең чыккан (1:1).

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#футбол-уллуттук курама

Комментарийлер

live comments feed...