16:45, -ж., 15-февраль

Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбахаб Боронбаевди мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алды.

Ушул эле отурумда БШКнын мүчөлөрү Абдыбахаб Боронбаевдин депутаттык мандатын Саидбек Зулпуевке берүү тууралуу чечимди колдоду. Ага тиешелүү документтер, депутаттык күбөлүк жана төш белги берилди.

Абдыбахаб Боронбаев Жогорку Кеңешке «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат болуп шайланган.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупциялык ишинде Абдыбахап Боронбаевдин аты аралашкан. УКМКнын маалыматы боюнча, Боронбаев жана Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев коррупцияга айыпталган.

Боронбаев 1996-жылдан тарта бажы тармагында иштеп келген.

Жаңы депутат Саидбек Зулпуев 1968-жылы 11-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Москвадагы Плеханов атындагы экономикалык академияны аяктаган. 1997-жылдан 2007-жылга чейин Финансы министрлигинде бир катар кызматтарды аткарган.

2007-2011-жылдары Финансы министринин орун басары, борбордук казынасынын директору, 2012-2021-жылдары Банктарды кайра түзүү боюнча агенттикте директор болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Саидбек Зулпуев

Комментарийлер

live comments feed...