• Башкы бет
  • Өзбекстан: дарыдан ууланган 69 баланын өлүмү боюнча соттун чечими чыкты
14:33, -ж., 27-февраль

Өзбекстан: дарыдан ууланган 69 баланын өлүмү боюнча соттун чечими чыкты

Өзбекстан: дарыдан ууланган 69 баланын өлүмү боюнча соттун чечими чыкты

Ташкент шаардык соту индиялык «Док-1 Макс» дарысын ичкен 69 баланын өлүмү боюнча айыпталган 23 кишиге карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Gazeta.uz сайты кабарлады.

26-февралдагы өкүмгө ылайык, Өзбекстандын Фармацевтика агенттигинин мурдагы жетекчиси Сардор Кариев 18 жылга, анын орун басарлары Амирхон Азимов менен Нодирбек Мусаев 16 жылга жана Quramax компаниясынын мурдагы директору, Индиянын жараны Рагневдра Пратар 20 жылга эркиндиктеринен ажыратылды. Калган айыпталуучулар 10 жылдык жаза мөөнөтүн алып, айрымдары тергөө абагынан шартуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Бул иш боюнча соттолгондорго «Салык жашыруу», «Сапатсыз жана жасалма дары-дармек сатуу», «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Шалаакылык» жана «Жемкорлук» беренелери боюнча айыптар тагылган.

Өзбекстанда 2022-жылдын аягында «Док-1 Макс» сиробун ичкенден кийин абалы начарлап, ондогон бала чарчап калган окуядан кийин өкмөт териштирүү жүргүзүп, анын курамында этиленгликоль деген адатта өндүрүш тармагында колдонулуучу химиялык уулуу зат бар экенин аныктап чыккан жана бул дарыны сатууга тыюу салган.

Буга байланыштуу Индияда да териштирүү иштери жүрүп, бир нече киши кармалган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#дарыдан ууланган

Комментарийлер

live comments feed...