• Башкы бет
  • Парламентте Сооронбай Жээнбековду макамынан ажыратуу маселеси көтөрүлдү
15:21, -ж., 28-февраль

Парламентте Сооронбай Жээнбековду макамынан ажыратуу маселеси көтөрүлдү

Парламентте Сооронбай Жээнбековду макамынан ажыратуу маселеси көтөрүлдү

Парламенттин бүгүнкү, 28-февралдагы жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Женбековду "экс-президент" макамынан ажыратып, депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Эл өкүлү "Жээнбеков Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матриамовго партия түзүп, саясий аренага алып келген" дейт. 

"Буга чейин коррупция кылып, элдин ырыскысын жеп келген Райымбек Матраимов менен арабызда табакташ болгон, жанында жандап жүргөн деген 2-3 депутатыбыз кетти. Дагы кетиребиз деп аракеттерин кылып жатышат. Бирок бүгүнкү күнү ошолордун арасында аты аталбай, унутулуп калган, Матраимовдун саясий аренага алып келип, партия түзүп берген кишилерибиз мамлекеттин төрүндө, мамлекеттин эсебинде жашап жүрөт. Ал Сооронбай Жээнбеков. Жээнбеков президент болгонго чейин губернатор, премьер-министр болду. Ага чейинки президент Алмазбек Атамбаев, анын жанындагы Икрамжан Илмиянов колдоп-коштоп, аны жетекчилик кызматка чейин алып келип эч кандай жоопко тартылбай жүрөт", -деди ал. 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев экс-президент макамын алуу боюнча фракциянын чечими керек экендигин айтты.

"Экс-президент" макамы Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо эле бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев "экс" макамынан 2010-жылдагы убактылуу өкмөттүн декреттери, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган.

Сооронбай Жээнбеков 2017-2020-жылдары президент болгон. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин кызматтан кеткен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Акылбек Түмөнбаев

Комментарийлер

live comments feed...