14:39, -ж., 14-февраль

Блогер Али Эргешов кармалды

Блогер Али Эргешов кармалды

Ички иштер министрлиги блогер Али Эргешевге Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгуп, кармалганын маалымдады. Аны 13-февралда "Манас" аэропортунан милиция кызматкерлери адамды жүзүнөн тааныган видеобайкоонун жардамы менен кармаган. 

Министрликтин маалыматына ылайык, Эргешев буга чейин издөөдө жүргөн. 

Буга чейин блогер "Инстаграмдагы" баракчасына видео, сүрөт жарыялап, аны укук коргоо кызматкерлери кармаганын айткан. Анда ал кармалганынын себеби белгисиз экенин билдирген.

Али Эргешев Ютубдагы "Эл билсин" каналын иштетет жана бул долбоордун автору. Ал ар кандай мыйзам бузуулар тууралуу элдин кайрылууларын чыгарат. Каналдын 130 миңге жакын катталуучусу бар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Али Эргешов

Комментарийлер

live comments feed...