• Башкы бет
  • Көк бөрү: райондор аралык республикалык мелдеште Талас районунун командасы чемпион болду
14:03, -ж., 24-февраль

Көк бөрү: райондор аралык республикалык мелдеште Талас районунун командасы чемпион болду

Көк бөрү: райондор аралык республикалык мелдеште Талас районунун командасы чемпион болду

Бишкектин «Аккула» ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча райондор аралык өлкө чемпионаты жыйынтыкталды.

Турнирге өз облустарынан жеңип келген жети райондун жана Бишкек, Ош шаарларынын көк бөрү командалары катышкан.

Оюндардын финалында Талас району Ак-Суу районун жеңип алып, чемпион аталса, жеңилген район экинчи орунду ээледи. Ал эми үчүнчү орун үчүн беттеште Сокулук району менен Сузак району бет келип, жеңишти Сокулуктун көк бөрүчүлөрү алып кетти.

Айта кетсек, райондор аралык өлкө чемпионаты Кыргызстандын спорт тарыхында биринчи жолу өттү. Мелдешти Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы менен Көк бөрү федерациясы уюштурган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Көк бөрү

Комментарийлер

live comments feed...