• Башкы бет
  • Орусия 1-марттан тартып күйүүчү майды экспорттоого тыюу салат
15:25, -ж., 28-февраль

Орусия 1-марттан тартып күйүүчү майды экспорттоого тыюу салат

Орусия 1-марттан тартып күйүүчү майды экспорттоого тыюу салат

Орусия 1-марттан тартып башка өлкөлөргө бензин экспорттоого тыюу салат. Чектөө алты айга чейин созуларын өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

Аталган чараны Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак сунуштаган. Анын айтымында, жакын арада ички базарда күйүүчү майга болгон суроо-талап жогорулайт. Бул жазгы талаа жумуштарына, мунайды кайра иштетүүчү заводдордогу пландуу оңдоо иштерине, ошондой эле жайкы каникул мезгилине байланыштуу.

Ошол эле учурда биржада дизель сатуу нормативи 16 пайызга чейин көтөрүлөт.

"Интерфакс" басылмасы чектөөлөр  Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Монголия, Өзбекстан, Абхазия, Түштүк Осетияга тиешеси жоктугун жазды.

"Свобода" радиосу бензин экспортуна тыюу салуу чечимин Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасалган чабуулдарга байланыштырууда.

Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов өлкөдө 650 миң тонна бензин жана 550 миң тонна дизелдик отунга кепилдик бар экенин билдирип, бул көлөм күйүүчү-майлоочу материалга болгон муктаждыкты жабууга жетерин маалымдаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Орусия-бензин

Комментарийлер

live comments feed...