• Башкы бет
  • Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курамасы эл аралык мелдеште үчүнчү орунду ээледи
16:45, -ж., 12-февраль

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курамасы эл аралык мелдеште үчүнчү орунду ээледи

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курамасы эл аралык мелдеште үчүнчү орунду ээледи

Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) аялдар арасындагы чемпионатында Кыргызстандын кыздар курама командасы үчүнчү орунду ээледи. Улуттук курама акыркы турда Өзбекстан командасына 2:8 эсебинде утулуп калды.

Жыйынтыгында алты упай менен кыргызстандыктар Иран жана Өзбекстандан кийин үчүнчү орунду ээледи.

Эске салсак, CAFA Women's Futsal Championship 2024 мелдеши Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 4-февралда башталган. Кыргызстандын курама командасы 5-февралда Тажикстандын оюнчулары менен беттешип, аларды 4:2 эсебинде жеңген. Ал оюнда Кенжебүбү Ырысбек кызы эки, Нурсулуу Мурзакулова менен Медина Рысбекова бирден гол киргизген. 

Биринчи турдагы оюнда кыргызстандык кыз-келиндер түркмөнстандык атаандаштарын 3:1ге уткан. Ал эми 7-февралда Ирандын оюнчуларынан 11:0 эсебинде жеңилип калышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#футзал-кыз-келиндер

Комментарийлер

live comments feed...