• Башкы бет
  • Айдоочуларга эскертүү: айрым унаа жолдору жабылды
14:44, -ж., 21-февраль

Айдоочуларга эскертүү: айрым унаа жолдору жабылды

Айдоочуларга эскертүү: айрым унаа жолдору жабылды

Аба ырайына байланыштуу бир катар унаа жолдору жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Аймактарга каттаган жолдордун төмөнкү бөлүктөрү учурда жабык турат:

 «Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу» жолунун  45-чакырымынан 130-чакырымына чейин;

«Каракол – Эңилчек» жолунун  82-чакырымынан 95-чакырымына чейин;

«Барскоон – Ак-Шыйрак» жолунун 45-чакырымынан 60-чакырымына чейин;

«Түп – Кеген» жолунун  39-чакырымынан 76-чакырымына чейин.

«Урматтуу айдоочулар жогорудагы унаа жолдорго киргизилген чектөөлөрдү эске алып, барчу жерлериңизди алдын ала мерчемдеп, баардык коопсуздук эрежелерин так сактооңуздарды өтүнөбүз», — деп айтылган маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#унаа жолдору

Комментарийлер

live comments feed...