• Башкы бет
  • Чек ара: жараат алгандардын саны 183кө жетти
14:13, 2022-ж., 20-сентябрь

Чек ара: жараат алгандардын саны 183кө жетти

Чек ара: жараат алгандардын саны 183кө жетти

Саламаттык сактоо министрлигинин 19-сентябрь, саат 22:00го берген маалыматы боюнча чек арадагы куралдуу жаңжалда түрдүү жараат алган дагы 20 адам ооруканага кайрылды. Алардын ичинен 21 киши үйүнөн дарыланууга жиберилди. Жарадарлардын басымдуу бөлүгү Ош жана Бишкек шаарларындагы бейтапканаларда.

Жараат алгандардын 12си бала, арасында бир жашка толо элек ымыркай бар экени кабарланган.

"Керектүү дары-дармек, кан жана башка медициналык жабдуулар жетиштүү" деп жазылган маалыматта.

Кыргызстан 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында каза болгон жарандарын жоктоп, аза күттү. Соңку расмий маалымат боюнча, 14-17-сентябрда кеминде 59 кыргызстандык мерт болду, алардын кыркы аскер кызматкерлери экени айтылды, чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...