• Башкы бет
  • Сасык тумоо жугузуп алгандардын саны бир күндө 9 миңден ашты
13:34, 2022-ж., 16-декабрь

Сасык тумоо жугузуп алгандардын саны бир күндө 9 миңден ашты

Сасык тумоо жугузуп алгандардын саны бир күндө 9 миңден ашты

Кыргызстанда сасык тумоо менен катталгандар айдын башында аптасына 9 миңдин тегерегинде болуп жатса, бүгүн 16-декабрга карата бир күндүк көрсөткүч 9 миңден ашты. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, 16-декабрда сасык тумоо 9382 адамда аныкталды.

Сасык тумоо өткөн аптада көбөйө баштаган. 5-11-декабрь аралыгында 14 миң бейтап катталган, ага чейинки бир аптада бул көрсөткүч 9 миңдин тегерегинде болгон.

Бейтаптардын 68% 14 жашка чейинки курактагы балдар экени кабарланган.

Оору күчөгөндүктөн мектептер 24-декабрга чейин, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектеп-интернаттары 30-декабрга чейин онлайн окууга өттү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Сасык тумоо

Комментарийлер

live comments feed...