• Башкы бет
  • Өлкөдө курч кармоочу респиратордук вирустун 78 миң 656 учуру катталды
13:56, 2022-ж., 13-декабрь

Өлкөдө курч кармоочу респиратордук вирустун 78 миң 656 учуру катталды

Өлкөдө курч кармоочу респиратордук вирустун 78 миң 656 учуру катталды

2022-жылдын башынан бери курч кармоочу респиратордук вирустун 78 миң 656 учуру катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматтарында айтылат.

Оору 0,3%га өскөн. Бейтаптардын көбү 14 жашка чейинки балдар – 48 миң 287 учур (61,3%).

Анын ичинен 1 жашка чейинки балдарда 7964 учур, бир жаштагы балдарда – 6203 учур, 2-4 жаштагылар – 14838 учур. 15-17 жаштагылар – 4807 учур, 18 жаштан жогору – 25562 учур.

Сасык тумоо жана КРВИ вирустарынын белгилери кадимки (сезондук) сасык тумоого окшош. Оордугу бир катар факторлорго, анын ичинде организмдин жалпы абалына жана жашына жараша болот.

«Азыркы учурда КРВИ инфекциясын көзөмөлдөө кыйын бойдон калууда, себеби вирустардын жогорку жугуштуулугу жана вирустардын түрлөрүнүн өзгөрмөлүүлүгү бар» , — деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...