• Башкы бет
  • Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова иш сапары менен Ошко келди
15:34, 2022-ж., 12-октябрь

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова иш сапары менен Ошко келди

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова иш сапары менен Ошко келди

11-октябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова иш сапары менен Ош шаарына келди. Иш сапардын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарына барып, медицина кызматкерлери менен жолугушуп, алардын иштөө шарттары менен таанышты.

Белгилей кетсек, бул жерге Ош облустар аралык бириккен клиникалык аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн бейтаптары жана медицина кызматкерлери которулган.

Жакынкы мезгилде мында лаборатория, параклиника, кир жуучу жай, тамактануу пункту, кампа, амбулаториялык диагностикалык бөлүм ачуу, ошондой эле жаңы имаратка жылытуу жана желдетүү системаларын орнотуу пландаштырылууда. Ага улай бул мекеменин статусун өзгөртүү маселеси да талкууланды.

Андан ары С.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун түштүк филиалынын жана шаардык перинаталдык борбордун кошумча имараттарын ээлеген “Клиника Ош” медициналык клиникасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурда аталган имараттарга Ош шаардык ооруканасынын кардиология жана терапия бөлүмдөрүн, жаңы төрөлгөн балдардын патологиясы бөлүмүн убактылуу жайгаштыруу маселеси каралууда.

Андан соң мурдагы шаардык оорукананын аймагында жайгашкан соттук-медициналык экспертиза борборуна да барышты.

Талкууланган маселелер министр тарабынан кеңири каралып, андан соң чечим кабыл алынат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...