• Башкы бет
  • Жалал-Абадда 42 окуучу ууланып, ооруканага кайрылган
15:38, 2023-ж., 13-май

Жалал-Абадда 42 окуучу ууланып, ооруканага кайрылган

Жалал-Абадда 42 окуучу ууланып, ооруканага кайрылган

Жалал-Абадда 11-майда 42 окуучу Кочкор-Ата ооруканасына кайрылган. Алар мектепте белгисиз затка ууланганын Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Каарманбек Байдавлетов билдирди, деп жазат "Т-Медиа".

Ооруканага кайрылгандар №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектептин 6-10-класстын окуучулары. Жалпы 42 бала кайрылып, бүгүн 26сы ооруканада калтырылса, калгандары үйлөрүнө чыгарылган.

«Балдар мектепте отурганда жагымсыз жыт келип, баштары ооруй баштаганын айтышкан. Бул окуяны текшерүү үчүн тиешелүү органдар иш алып барып жатат. Биз болсо азырынча белгисиз затка ууланган деген диагноз койдук»,- дейт Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Каарманбек Байдавлетов.

Аталган мектептин мугалимдери да ооруканага текшерилишип, абалы жакшы экендиги айтылды. Мектеп убактылуу жабылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ууланган окуучулар

Комментарийлер

live comments feed...