13:42, 2022-ж., 5-ноябрь

Ошто социалдык дарыкана ачылды

Ошто социалдык дарыкана ачылды

“Амир-Тимур” МАБда бүгүн дагы бир социалдык дарыкананын ачылышы болду. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин түштүк бөлүмүнүн башчысы Жигитали Жолдошев, “Дармек-Фарм” ЖЧКсынын директору Зайырбек Киргизбаев, “Социалдык аптека” ЖЧКсынын директору Асел Токтомушева, медицина кызматкерлери, жергиликтүү тургундар катышты.

Өз сөзүндө В.Рыскулова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана калктын аялуу катмарына зарыл шарттарды түзүү максатында калаанын ар кайсы кичи райондорунда социалдык дарыканаларды ачуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Бул дарыканаларда ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар тиешелүү анкетаны толтуруу менен дары-дармектерди сатып алууда 15%дан 25%га чейин жеңилдик берген атайын карта алышат.

Карыларга 15% арзандатуу берилет.

Калган жарандарга - 10%.

Бардык дары-дармектер дарыкана кампаларынын дүң баасында сатылат.

Белгилей кетсек, бул Ош шаарында ачылган үчүнчү социалдык дарыкана. Буга чейин социалдык Курманжан-Датка көчөсүндө жана Жапалак айылында ачылган.

Маалым болгондой, жакын арада Ош шаарында дагы 3 социалдык дарыкана ачылат. Бул дарыканаларды Ош шаарынын мэриясы Дары-дармек жана медициналык техника департаменти жана “Дармек-Фарм” ЖЧКсы менен биргеликте ачты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...