• Башкы бет
  • Министрлик балдар дарыгерлеринин кармалышы боюнча үн катты
12:51, 2023-ж., 5-январь

Министрлик балдар дарыгерлеринин кармалышы боюнча үн катты

Министрлик балдар дарыгерлеринин кармалышы боюнча үн катты

Саламаттык сактоо министрлиги балдар дарыгерлеринин кармалышы боюнча үн катты.

3-январда министрликтин телеграм каналында таратылган маалыматта айтылгандай, тергөө жүрүп жатканына байланыштуу министрлик бул окуяга таасир эте албайт жана дарыгерлердин тез арада бошотулушунан үмүт кылат.

«Биз каза болгон баланын үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз. Ооба, дарыгерлер кээде биринчи жардамды көрсөтө албай калышат, бирок бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн аягына чейин тийиштүү аракетти жасайт.

Бул жагдайга байланыштуу айрым медиктер иш таштоо тууралуу сөз кылып жатышат. Бардык медкызматкерлерди дүрбөлөңгө түшпөй же мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик кармалган дарыгерлердин жакындары менен байланышта экенин жана тийиштүү жардам көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.

Мындай окуялар кайталанбашы үчүн элге көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатына көзөмөл кылуу тапшырмасы берилди.

2-январда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмү дарыгерлердин кармалышы боюнча маалымат берди. Мекеменин басма сөз кызматкеринин айтымында, 2022-жылдын 14-ноябрында «102» кызматына чалышып, борбордук өлүкканага жаш баланын сөөгүн алып келишкенин айтышкан. Бул факты боюнча тергөөгө чейинки иликтөө башталган.

Алгачкы териштирүүлөрдө маалым болгондой, ичи катуу ооруган баланы ооруканага 13-ноябрда саат 7:00дө алып келишкен. Ошол эле күнү баланы 12:30да башка оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Бала ал жерден эсине келбей чарчап калган.

Факт боюнча 146-берене (медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) менен иш козголуп, экспертиза дайындалган.

Эксперттердин корутундусунун негизинде баланын өлүмүнө шектүү катары кармалгандар Ленин райондук ИИБнин тергөө бөлүмүнө жеткирилген.

Ленин райондук сотунун чечимине ылайык, беш дарыгер 10-январга чейин №1 тергөө абагына камакка алынып, бир дарыгер үй камагына чыгарылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Саламаттык сактоо министрлиги

Комментарийлер

live comments feed...