• Башкы бет
  • АИВ, вирустук гепатит жана кургак учук менен күрөшүү боюнча жаңы долбоор сунушталды
16:08, 2023-ж., 9-сентябрь

АИВ, вирустук гепатит жана кургак учук менен күрөшүү боюнча жаңы долбоор сунушталды

АИВ, вирустук гепатит жана кургак учук менен күрөшүү боюнча жаңы долбоор сунушталды

8-сентябрда Ош шаарында 2023-2025-жылдарга АИВ (ВИЧ), кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана кургак учук менен күрөшүү боюнча жаңы муниципалдык программанын долбоору боюнча жыйын өттү. 

Жыйында Ош шаарындагы АИВ- инфекциясы, кургак учук жана кан аркылуу жугуучу илдеттердин алдын алуу иштери боюнча маалымат берилип, 2023-2025-жылдарга муниципалдык программанын жаңы долбоору сунушталды. 

Ошондой эле, Ош шаарында АИВ-инфекциясынын өсүү көрсөткүчүнүн төмөндөшү катталгандыгы, жаңы долбоордун алкагында бул багытта түшүндүрүү иштерин күчөтүү болжолдонгондугу белгиленди. 

Жыйындын соңунда актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, бир катар сунуштар айтылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...