• Башкы бет
  • Коронавирустун 28 жаңы учуру катталды
17:23, 2022-ж., 12-июль

Коронавирустун 28 жаңы учуру катталды

Коронавирустун 28 жаңы учуру катталды

12-июлга карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 28 учуру катталган. Анын ичинде экөө Өзбекстан жана Казакстандан келгендер. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Аныкталгандардан:

20 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан.

6 өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда аныкталган.

Аныкталгандардын ичинен алтоо гана COVID-19га каршы эки жолу эмдөөдөн өткөн.

Амбулатордук дарыланууда — 20, оорукана жаткандар — 2.

12-июлга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада.

Бирок акыркы жумада эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден жогору, бул оорунун көбөйө баштаганын көрсөтүп турат.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 201 243 учуру катталды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...