• Башкы бет
  • Орусияда бир адам маймыл чечегин жуктуруп алганы маалым болду
17:10, 2022-ж., 12-июль

Орусияда бир адам маймыл чечегин жуктуруп алганы маалым болду

Орусияда бир адам маймыл чечегин жуктуруп алганы маалым болду

Орусияда маймыл чечегин жуктурган биринчи учур катталды. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта илдет Европадагы мамлекеттердин биринен саякаттап келген адамдан табылганы айтылат. Анда оору жеңил формада өтүп жатканы, бейтап обочо кармалып жатканы жана аны менен байланышта болгон адамдар медициналык байкоодо турганы да белгиленет.

Вирустун жаңы толкуну быйыл майдан тартып башталган. АКШ, Канада, Австралия, Испания, Португалия, Улуу Британия, Франция, Италия, Швеция, Бельгия баштаган ондогон өлкөдө маймыл чечегинин кишилерге жуккан жаңы учурлары катталып, саламаттык сактоо органдары изилдөө иштерин башталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аны ушул убакка чейин 6 миңдей адам жуктурганын, үч бейтап каза болгонун билдирүүдө. Уюм азырынча аталган илдетке байланыштуу пандемия жарыялоонун зарылчылыгы жоктугун белгилеген, ошол эле маалда кырдаалга этияттык менен мамиле кылууга чакырган.

Маймыл чечеги кадимки чечектин (натуральная оспа) бир түрү болуп саналат. Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталган үчүн ушундай аталыш алып калган. Мунун вирусунун түзүмү да кишинин чечегине окшош болот. Маймыл чечегин жуктурган адамдын дагы денесинде ыйлаакчалар чыгып кетет. Илдеттин вакцинасы бар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...