• Башкы бет
  • Коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайды
14:33, 2022-ж., 29-август

Коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайды

Коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайды

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, соңку бир аптада Кыргызстанда коронавирус жуккан 179 учур катталды. Алардын 26сы ооруканада, калгандары үйлөрүндө дарыланууда.

Расмий маалыматка ылайык, пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда вирустан үч миңдей бейтап көз жумган.

Өткөн айда Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) коронавируска каршы күрөштүн алкагында Кыргызстанга 15 миллион сомдук медициналык жабдуу берген.

Анда коронавирус пандемиясы башталгандан бери аталган эл аралык уюм Кыргызстанга жалпысынан 10 миллион доллардан ашык каражатка жардам көрсөткөнү айтылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...