• Башкы бет
  • Акыркы суткада коронавирустун 3 жаңы учуру аныкталды
11:59, 2022-ж., 14-апрель

Акыркы суткада коронавирустун 3 жаңы учуру аныкталды

Акыркы суткада коронавирустун 3 жаңы учуру аныкталды

Кыргызстанда 14-апрелге карата 2 225 ПЧР анализ жүргүзүлүп, коронавирустун үч жаңы учуру аныкталды. Илдеттен бир адам сакайып, каза болгондор катталган жок. 

Вирусту жаңы жуктургандар Бишкекте – 1, Чүйдө — 2 адам. Калган аймактарда апрель айынын башынан бери коронавирус аныкталган эмес.

Өлкөдө пандемия башталган эки жылдан бери COVID-19 илдети жалпы 200 миң 973 кишиге жукту. Анын ичинен 196 миң 304 бейтап ооруну жеңди. Жалпы 2991 бейтап көз жумду.

Учурда стационарда 63, үйдөн 24 бейтап дарыланып жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...