• Башкы бет
  • Жыл башынан бери кызамык менен 2 миңден ашык бала ооруган
14:48, 2023-ж., 29-сентябрь

Жыл башынан бери кызамык менен 2 миңден ашык бала ооруган

Жыл башынан бери кызамык менен 2 миңден ашык бала ооруган

Жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусунун 2 миң 316 учуру аныкталган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, анын ичинде Бишкек шаарында – 660, Ош облусунда – 654, Ошто – 302 жана Чүй облусунда – 277 учур катталган.

Илдеттин көбөйүшүнө кызамыкка каршы пландуу эмдөөнүн кыскарышы себеп болуп жатканы белгиленет.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 18-29-сентябрга чейин Кыргызстандын аймагында кызамык жана кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясын жүргүздү. Анын негизинде Бишкек, Ош шаарлары, Ош, Чүй облустарында тогуз айдан 7 жашка чейинки балдар арасында кызамык жана кызылча көп катталган.

18-сентябрдан 26-сентябрга чейин кызамык жана кызамык ооруларына каршы кошумча эмдөө үчүн балдарды камтуу максаттуу топтун 55 пайызын түздү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кызамык

Комментарийлер

live comments feed...