• Башкы бет
  • Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 60 миңге жакындады
13:27, 2023-ж., 16-январь

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 60 миңге жакындады

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 60 миңге жакындады

Кытайдын Улуттук саламаттыкты сактоо комиссиясынын медициналык өкүлү Цзяо Яхуэй ишемби күнү Бээжинде өткөн маалымат жыйында коронавирустан 60 миңге жакын адам каза болгонун билдирди.

Кытайда 8-декабрдан 12-январга чейин рак жана жүрөк-кан тамыр ооруларын кошо козгогон ковид менен байланышкан 59 миң 938 өлүм катталган.

Буга чейин Кытай дем алуу жетишсиздигинен каза болгон бейтаптарын ковидден каза болгондор катары гана санаган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2022-жылдын декабрынын башынан ушул жылдын 12-январына чейинки мезгилди камтыган, Кытайдагы бул толкундун эпидемиологиялык абалын жана таасирин жакшыраак түшүнүү үчүн бул маалыматты талдап жатканын билдирди.

Медициналык өкүл Цзяо ысытма менен ооруканага кайрылгандар эң жогорку чекке жеткенин айтты. Үстүбуздөгү жылдын 23-декабрында 2,86 миллиондон ашык адам шаар жана айыл жергесиндеги ооруканаларга барса, 12-январда Кытай боюнча 477 миң адам кайрылган.

COVID-19 бейтаптарын ооруканага жаткыруунун туу чокусу 5-январда болуп, 1,63 миллион адам ооруканага жаткырылганын жана 12-январга карата 1,27 миллион бейтап дагы эле ооруканада экенин кошумчалаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кытай

Комментарийлер

live comments feed...