• Башкы бет
  • ЖКнын төрагасы дарылардын баасын көзөмөлдөөнү сунуштады
13:11, 2022-ж., 21-декабрь

ЖКнын төрагасы дарылардын баасын көзөмөлдөөнү сунуштады

ЖКнын төрагасы дарылардын баасын көзөмөлдөөнү сунуштады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өлкөдө сасык тумоо курчуп жаткан учурда дары-дармек баасын көзөмөлгө алууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-декабрда парламент жыйынында билдирди.

"Бүгүнкү күндө өлкөдө оорулар күчөп, сасык тумоонун бир нече түрү жүрүп жатат. Жарандардын, элибиздин саламаттыгы чоң маселе болуп турат. Ушундай учурда бардык дарыканалардагы дары-дармектин бааларын, жетиштүүлүгүн Саламаттык сактоо министрлиги, өкмөт көзөмөлгө алыңыздар. Спекуляцияга жол бербеш керек", - деди спикер.

Кыргызстанда тумоого кабылгандар кескин көбөйгөнү мындан эки апта мурда байкалган. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти соңку бир аптада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция 44 миңден ашык кишиден аныкталганын билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Нурлан Шакиев

Комментарийлер

live comments feed...