16:36
-ж., 23-сентябрь
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгына кабылып ооруканага түшкөн үч кыргыз жаранынын абалы туруктуу оор экенин, алар керектүү дары-дармектер менен камсыз болгонун билдирди. Анда каргаша болгон жерде учурда Орусиядагы кыргыз элчилигинин өкүлдөрү жүргөнү, соттук-медициналык экспертизалар аяктагандан кийин маркумдардын сөөгү мекенине жөнөтүлөрү айтылат. Жакынкы убакта "Жүк-200" үчүн атайын учак жөнөтүлөт.
21-августта Ульяновсктогу ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жарандары экени такталган. Мерт болгондордун жакындары үчүн элчиликтин (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору күнү-түнү иштеп жатат.
Комментарийлер