• Башкы бет
  • Ош шаарында 10 мектепте окуу токтотулду
13:29, 2022-ж., 15-декабрь

Ош шаарында 10 мектепте окуу токтотулду

Ош шаарында 10 мектепте окуу токтотулду

Санэпид кызматынын корутундусу менен Ош шаарындагы 10 мектепте окуу токтотулду. Алар №3 Ломоносов, №8 Горький, №21 Пушкин, №24 Фрунзе, №40 Королев, №41 Абдуллаев, №47, 78, 54 жана 12-көмөкчү мектептери.

Аталган мектептер азырынча аралыктан онлайн окушат. Күн сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. Анын жыйынтыгына жараша мектептерде кайрадан окууну улантуу маселеси каралат.

Учурда бардык мектеп, бала бакчаларга санитардык норманы сактоо, балдарды массалык иш-чараларга тартуу же чогултпоо, абаны тынымсыз желдетип туруу тапшырмалары берилди.

Окуучулардын, бала бакчадагы наристелердин катышуусу жана сасык тумоонун жайылышы байкоого алынып, дагы башка мектептерде окууну токтотуу, бала бакчаларды жаап туруу маселеси каралышы мүмкүн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Карантин

Комментарийлер

live comments feed...