• Башкы бет
  • Өлкөдө кызамык жуктурган балдардын саны эки миңге жетти
11:57, 2023-ж., 6-сентябрь

Өлкөдө кызамык жуктурган балдардын саны эки миңге жетти

Өлкөдө кызамык жуктурган балдардын саны эки миңге жетти

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыкка кабылган балдардын саны эки миңге жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Гүлзат Дикамбаева «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Дикамбаеванын айтымында, Бишкек жана Ошто кызамык жуктургандар көп катталган.

«Көбү эмдөөдөн баш тарткан 1-5 жаштагы балдар. Кызамык менен ооруган балдардын 50 пайызы эмдөөдөн баш тарткан бишкектиктер, ал эми 30 пайызы 1 жашка чейинки эмдөөгө жашы жетпеген балдар»,-деди ал.

Учурда Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында 52 адам кызамыктан дарыланып жатканын аталган клиниканын дарыгери Гүлзана Жакыпбекова билдирди.

Ушул жылдын июль айында кызамыкка чалдыккандардын саны 1001 жеткенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирген.

Ооругандардын 81 пайызы илдетке каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр болгон.

Кызамыкка жана кызамыкка каршы профилактикалык эмдөө графигине ылайык жүргүзүлөт. Кызамыкка каршы эмдөө балдарга бир жашында, кайталап эмдөө 6 жашында жүргүзүлөт.

Министрлик кызамыкты дарылоонун атайын жолу жоктугун, бирок аны эмдөө менен гана алдын алууга болорун эскерткен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кызамык

Комментарийлер

live comments feed...