• Башкы бет
  • Баткенде тамакка уулангандардын экөөсүнүн абалы орто, үчөө өтө оор
11:54, 2022-ж., 25-ноябрь

Баткенде тамакка уулангандардын экөөсүнүн абалы орто, үчөө өтө оор

Баткенде тамакка уулангандардын экөөсүнүн абалы орто, үчөө өтө оор

Баткенде бала бакчанын 5 кызматкери тамакка ууланып оорунакага түштү. Бул тууралуу «Т-Медиага» Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгери Асел Бошбаева билдирди. 

Маалыматка караганда, Кадамжай районунундагы «Баластан» балдар бакчасынын кызматкерлери 22-ноябрда ооруканага түшкөн. Алар үй шартында даярдалган консервадан ууланган деп болжолдонууда. Бейтаптардын үчөө бала бакчанын ашпозчусу, бири чарба кызматкери, бири бөлүм башчысы болгон. Учурда Кадамжай жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Экөөнүн абалы орто, үчөө өтө оор деп бааланууда.

«Эртең менен башы айланып, ооруканага кайрылган. Бакчадан алар жеген үй шартында даярдалган консерванын баары алынып салынды. Лабораториялык изилдөөгө үлгүлөр алынды. Анын жыйынтыгы дагы эки күндөн кийин чыгат», — деди Бошбаева.

Учурда облустун аймагында коомдук тамактануучу жайларда, ысык тамак берилүүчү билим берүү мекемелеринде текшерүү иштери жүрүп жатат. Кыргызстанда буга чейин да бир нече жолу тамактан массалык уулануулар болгон. Акыркы 10 ай ичинде тамакка ууланган 100 окуя катталып, 437 адам ооруканага түшкөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Баткен #Оорукана

Комментарийлер

live comments feed...