• Башкы бет
  • Бишкекте онкологиялык ооруларды акысыз текшерүү жүрөт
12:48, 2023-ж., 28-январь

Бишкекте онкологиялык ооруларды акысыз текшерүү жүрөт

Бишкекте онкологиялык ооруларды акысыз текшерүү жүрөт

30-январдан 3-февралга чейин Бишкектеги бир катар медициналык мекемелерде онкологиялык ооруларга акысыз текшерүү жүрөт. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунан кабарлашты.

25 жаштан 60 жашка чейинки аялдар ракка карата ден соолугун текшерте алат. Ал үчүн Бишкектеги № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна, Шаардык студенттик поликлиникага кайрылса болот.

Мындай акция рак менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата өткөрүлүүдө. Иш-чаранын максаты, онкологиялык оорулардын алдын алуу, дартты эрте аныктоо жана дарылоо болуп саналат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бишкек

Комментарийлер

live comments feed...