• Башкы бет
  • Ош мэриясы сасык тумоо күчөгөн учурда санитардык нормаларды сактоого чакырат
13:33, 2022-ж., 15-декабрь

Ош мэриясы сасык тумоо күчөгөн учурда санитардык нормаларды сактоого чакырат

Ош мэриясы сасык тумоо күчөгөн учурда санитардык нормаларды сактоого чакырат

Ош шаарынын мэриясы ОРВИнин болжолдуу өсүшүнө байланыштуу жарандарга зарыл санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоону сунуштайт: колдун гигиенасын сактоону, буюмдарды дезинфекциялоону, эл көп чогулган жайларга барбоону, суук тийүүнүн биринчи симптомдору болгон учурда беткап кийүүнү.

Бүгүн буга байланыштуу Ош шаарынын мэриясында вице-мэр Венера Рыскулова шаардагы саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, анда мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде профилактикалык иш-чараларды күчөтүү маселеси каралды.

Азыркы учурда, шаардык санэпид кызматынын статистикалык маалыматы боюнча, мектеп окуучуларынын арасында сезондук гриппке чалдыккандар болжол менен 9-12%ды түзөт.

Тиешелүү кызматтардын жетекчилерине зарыл болгон эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоо максатында ата-энелерге түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди. Билим берүү мекемелеринде ооругандардын саны 20%дан ашкан учурда мекеме санитардык тартипке ылайык карантинге жабылат.

Белгилей кетсек, Ош шаарында КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тобокел тобундагы жарандар (медициналык кызматкерлер, өнөкөт оорулары бар, 65 жаштан жогоркулар, кош бойлуу аялдар, көп сыркоологон балдар, интернаттардагы жарандар) эмдөөдөн өткөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош мэриясы

Комментарийлер

live comments feed...