• Башкы бет
  • Коронавирус пандемиясы ушул жылы аяктайт
16:34, 2023-ж., 15-март

Коронавирус пандемиясы ушул жылы аяктайт

Коронавирус пандемиясы ушул жылы аяктайт

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейесустун сөздөрүнө ылайык, CОVID-19 пандемиясы ушул жылы аяктайт.

Анын айтымында, учурда дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу. Соңку жумада коронавируска чалдыккандардын көрсөткүчү да бир кыйла азайган.

«Ушул жыл ичинде CОVID-19 боюнча жарыяланган өзгөчө абал же пандемия токтойт деп ишенип турам», — деп билдирген ДССУнун  башкы директору Тедрос Гебрейесус.

Адистердин эскертүүсүндө, коронавирус толугу менен жок болуп кетти деп айтууга болбойт, анын жаңы мутациялары пайда болуп, пандемиянын жаңы толкуну башталып кетпесине эч ким кепилдик бере албайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Коронавирус

Комментарийлер

live comments feed...